www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күчүнө кирген жаңы кодекстер басылып чыкты

Башкы прокурор Курманкул Зулушев КРнын Кылмыш-Жаза, Кылмыш-жаза процессуалдык, Укук бузуулар жөнүндө кодекстерин иштеп чыккан эксперттик жумушчу топтун курамын, илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кабыл алды.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө 1-декабрдан тарта күчүнө кирген кодекстердин иш жүзүндө колдонулуп жаткандыгы талкууга алынды.

Жумушчу топтун мүчөлөрү кодексттерди иштеп чыгуудагы урунттуу учурларга токтолушуп, жасалган эмгектин жыйынтыгына канааттангандыктарын билдиришти.

Зулушев эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрүнө жасаган зор эмгектери үчүн ыраазычылык билдирип, жаңы басылып чыккан кодекстерди белек катары тартуулады.

Ошондой эле башкы прокурордун орун басары К. Токтакунов тарабынан Жогорку соттун жетекчилигине Кылмыш-Жаза, Кылмыш-жаза процессуалдык, Укук бузуулар жөнүндө кодекстеринин 400 нускасы белек катары тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости