www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кудайберген” базарынын айланасында жайгашкан 98,8 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун прокуратурасы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинде (ММБД) жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Алсак, Бишкек шаарынын мэриясынын 2007-жылдагы токтомунун негизинде жаран К.И.ге Бишкек шаарынын П.Лумумба көчөсүндөгү «Кудайберген» авто унаа тетиктер базарынын айланасында жайгашкан, аянты 0,40 га жер тилкеси убактылуу пайдаланууга, ижара шартында 5 жылдык мөөнөткө бөлүнүп берилгендиги аныкталган.

Андан кийин жаран К.И.нин доо арызынын негизинде Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2012-жылдын 11-июлундагы чечими кабыл алынып, аталган муниципалдык участокко К.И.нин менчик укугу таанылган жана ушул соттун чечиминин негизинде “Кадастр” мекемесинин Бишкек филиалы тарабынан жогоруда аталган жер участогуна К.И.нин менчик укугу катталган.

Натыйжада, баасы 98,8 млн. сом болгон муниципалдык жер тилкеси К.И.нин жеке менчигине бекер өтүп, 2007-жылдан бери, тактап айтканда 15 жылдан ашык убакыт бою акысыз бул участокту пайдалангандыктан, ММБДнин эсептөөлөрүнө ылайык, К.И.нин карызы 4,4 млн. сомду түзгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2012-жылдагы 11-июлундагы чечими 2013-жылы эле Бишкек шаардык сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун чечимдери менен жокко чыгарылгандыгы аныкталган. Бирок, жогору турган сот инстанцияларынын чечимдери К.И.нин аталган жер тилкесине болгон жеке менчик укугун жокко чыгаруу үчүн каттоо органына жиберилген эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин жана «Кадастр» МИнын Бишкек филиалынын дарегине прокурордук чара көрүү актылары киргизилип, аларды кароонун жыйынтыгы менен жалпы баасы 98,8 млн. сомдук жер участогу муниципалдык менчикке кайтарылды жана жер тилкесин иш жүзүндө пайдалангандыгы үчүн мамлекеттик бюджетке 1,6 млн. сом акчалай өндүрүлдү.

Последние новости