www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Турмушта көйгөйлүү айрым маселелерден улам тагдырына нааразы болуп, тугөнбөс түйшүк тарткан адамдар да кездешет эмеспи. Бул каарманыбыздын да телегейи тегиз эмес экен... Эмесе куйөөсүнүн жосунсуз жоруктарынан улам азап тарткаи Айзиректин баянына орун бермекчибиз.
- Бир үй-бүлө болгон сон жу-байлар бири-бирин сүйүп жаша-ган өзүнче бир бакыт эмеспи. А мен күйөвмдүн жагымдуу мами-лесине азыркы кезге чейин зар болуп келем. Биздин чогуу жа-шаганыбызга үч жылга жакындап калды. Ортодо эки балабыз бар. Учурунда күйөөм сыртыман бир-эки жолу эле көрүп жакты-рып калгандыктан ала качып ал-ган эле. Ошондо тополоң салбас-тан өз каалоом менен көшөгөдө отуруп калгам. Эми ойлосом аны бир көрүп сүйүп калган экен-мин... Ал мага үйлөнгөндөн эки жума өткөндөн кийин ачыгын айтып:
- Билесиңби, менин сүйгө-нүмдү атасы кошуна айылдагы досуна келин кылып берген. Анткени ал киши мени эмнегедир жаман көрчү. Ошого өчөшүп мен сени атайын ала качып ал-дым,-деди сеөмөйүн кезеп. - Бул жерде менин кандай тиешем бар?!-дедим ыйлагым келип.
- Сени алардын тууганы :же-ниңди бирөөлөрдөн уккам. Анын үстүнө Гүлзинага да окшош экен-сиң,-деп өзүнүн сүйгөнү тууралуу да айтып жиберди.
- Кандай дейсиң?.. Эмне ага окшош болсом эле ала качып алңдыңбы?!-дедим нааразы болуп.
- Сени менен жашасам аны унутам го деп ойлогом. Бирок, тескерисинче сен жанымда бол-соң анын элеси көз алдымдан эч кеткис болду. Эч... Ал сөзүнүн аягына чыкпай бир чекитти тиктеп ойлонуп калган-да жайына когоп басып кеттим... Турмуш өз нугу менен өтүп жатты. Кээде жамандык-жакшылык болгон кездерде Гүлзинага жолугуп калчу болдум. Анын айтуусуна караганда күйөөм ага таптакыр жакчу эмес окшойт. "Менин сүйгөнүм болот" деп күйөөм аны сыртынан эле "менчиктсп" алыптыр. Кыскасы, ал турмушка чыккандан кийинки тагдырына ыраазы экен... А менин күйөөм "сүйбөгөнгө сүйкөнбө" деген сөздүн маанисине эмдигиче түшүнүгү жетпей өзүн да, мени да кыйңап келет. Акыркы күндөрү күчүн менден чыгарбай эле арактан чыгарганды көнүмүш адатка айландыра баштады, Ал тургай түн ортосунда жөөлүп сүйлөп Гүлзинанын атын атачу болду. Кээде таңга маал балдардын эсин чыгарып өңгүрөп ыйлайт. Мындай жоругун көргөнүмдө "буга жин кирип кетсе керек" деп ойлоп калам. Акыры тажа-ганьшда чыдай албай кайнатама айтсам каткырып:
- Ошол жинди менен чыдап жашаган сен да жинди экенсиң,-десс болобу. Мындай жан кейиткен сөздү укканда ичимден "ушуга корогон кайран сөз' дсп тим болдум. Ал күнү кечинде өзүмдүн апама телефон чалып болгонун айтып ыйласам:
- Кызым, ал куда башында эле мээсинен айныган жинди болчу,-дсгенде айлам жок күлүн жибердим. Күлгөнүм курусун. Гүлзинаны унута албай күйөөм улам акылынан айнып баратат. Кеч боло электе кетип калсамбы? Шордуу экенмин да...
Нурпери ИСАБЕКОВА
Булак: Багыт.kg