www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күйөөм мени өзүнөн алыстатып жатат...

Менин дарегимди сыр кылып чыгарып коюңуздарчы. Мага кеңеш керек. Жолдошум менен жашаганыма 5 жылдай болуп калды. 2 жаштагы балабыз бар. Учурда жолдошум экѳѳбүз Орусияда иштеп жүрѳбүз. Менин кѳңүлүмдү калтырган, кагып-силкип катуу айткан мүнѳзү бар. Керек болсо уруп-согуп, ашата сѳгүп жатса да унчукпайм. Ага таптакыр эле байланып калгандаймын. Мындай мамилеси, албетте, кѳңүлүмдү оорутат, ыйлап алам. Бирок тѳркүнүмѳ же башка бирѳѳгѳ арызданбай чыдап келем. Мындан улам «ал мени окутуп алганбы?» деген да ой келет.

Бирок күйѳѳмдүн андай нерселерден такыр алыс экенин билем. Кыскасы, баары анын айтканы менен болот. Бир ооз «кечир» деп койсо эле болду, баарына ыраазымын, баарын унутуп калам. Ал мени Кыргызстанга жиберип жаткан. Макул болгом. Кетериме аз калганда досунун үйүнѳ конокко барып калдык. Мен аяшым менен, ал досу менен узак кепке кирип кетиптирбиз. Алар бир маалда сыртка чыгып кетип, бир далай убакта киришкен. Аяшым экѳѳбүз ашканада сүйлѳшүп отуруп алар эмне менен алек болушканына деле кызыккан эмеспиз.

Эки күн ѳтпѳй аяшым чалып кызык кеп баштады. Кѳрсѳ, алар тѳркү бѳлмѳдѳ отуруп сутка эмес, бир нече саатка гана сатыла турган бузулган аялдардын номурларына чалышкан экен. Аны тиги аяшым күйѳѳсүнүн телефонун чукуп таап алыптыр. Ал номерлерге чалып күйѳѳсүнүн барган, барбаганын текшерсе, алар «бизге чалышкан, бирок келишкен эмес» деп жооп бериптир. Экѳѳбүз оозубузду ачып эле калдык. Ал го, күйѳѳсү менен алышып, айтышып жемин жедирбеген аял. Мен болсо күйѳѳмдѳн корком. Четин чыгарып айттым, бирок ал угуп-укпай туруп эле урушуп салды. Андан ары унчуга алган жокмун. Баары бир моюнуна албасын билем.

Чыр чыкпасы үчүн андан кѳрѳ унчукпай койгонум туура. Эми он күндѳн кийин кетем. Күйѳѳмдүн жанында жүргѳнүмдѳ кылган бул кылыгы мени уктатпай калды. Эртең мен Кыргызстанга жеткенче эле жанагындай бузулган аялдарга жѳнѳчүдѳй…

Аны абдан жакшы кѳрѳм. Бирок эч ишене албай жатам. Күйѳѳм ичем дегенимди алып берип, кием дегенимди кийгизет. Кайда барам десем да жиберет. Үйгѳ зарыл нерселердин баарын ѳзү алат. Керек болсо мени карап отурбай ишинен эрте келип калса тамак жасап, кирин деле жууп алат. Бирок жанагындай орой мамилелери, анысы аз келгенсип эми минтип башкаларга кызыгып жатканы айламды кетирип жатат. Эмне кылам? - деп сыры менен бөлүшкөн аты аталбаган каарман "Леди.kg" гезитине.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости