www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күйүүчү майлар качан арзандайт?

Бул суроого жооп табылбай калды окшойт. Тилекке каршы, Кыргызстандагы күйүүчү майларга болгон баа Россиядагыдан да жогору болуп кетти. Алсак, бензиндин АИ-92 маркасы Россияда 53,9 сом болсо, Кыргызстанда 57,5 сомго жетти. АИ-95 сом Россияда - 59,6 сом, Кыргызстанда - 62 сом.

Россиядагы экономикалык абалды, ал жактагы маяналарды эске алып карай турган болсок, бул ойлондурчу жагдай. Күйүүчү майлардын бааларын төмөндөтүү жаатында ыкчам, натыйжалуу чараларды көрбөсө, бул өлкөнүн жалпы экономика секторуна, ар бир жарандын турмушуна сезилерлик сокку берип, абалыбызды андан бетер оорлотушу ыктымал.

Эксперттер буга чейин эле бензинди Россиядан алып келүүдө бажы пошлинасы (тоннасына 19,3 доллар) алына баштаганын, ошондуктан баалар көтөрүлөрүн айтышкан. Бирок бул кыргыз өкмөтүнүн колун байлап, колубуздан эч нерсе келбейт деп кол куушуруп отуруп алганга себепчи болбошу керек.

Мурдагыдай эле бажы пошлинасы жок алып кирүүнүн жолдорун карап, Россиянын нефти өндүрүүчүлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу чаралар көрүлүшү кажет. Өкмөттүн эч кандай аракеттерди көрбөй отуруп алуусу кечиримсиз.

Булак: Майдан.kg гезити

Последние новости