www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кулбараков кууланса, Cамыйкожо сес көрсөттү

Бир мандаттуу Кочкор округунан ондон ашык талапкер ат салышып аткан чактары. Оюн катуу жүрүүдө.

Таймашкандардын көрүнүктүүлөрүнө келсек, Абтандил Кулбараков Кочкор, Ак-Талаа райондорунан элдин колдоосуна анчейин арзыбай турганын алдыртан билип, ал жактарга добуштарды бөлүү үчүн атайын “өз адамдарын” койдуруптур. Эмне үчүн?

Бул миллионердин айласы куруй баштагандай, себеби, атаандашы Мирлан Самыйкожонун тили буудай кууруп, элдин жүрөгүндөгү көйгөйлөрдү айтканы, рейтинги көтөрүлгөнү байкалды. Көзү каныккан көпчүлүк акчалууларды эмес, акыл сөз айтканды колдоп кетсечи?..

Айтмакчы, Нарын телевидениесинен Абтандил Кулбараков, Дамира Ниязалиева жана Мирлан Самыйкожо теледебатка чыгышмак экен.

Акчага чиренген берки экөө эфирге чыккандан качышып, келбей коюшканы кабарланды. Жалгыз Мирландын барганы, сес көрсөткөнү эмнени билдирет? Жүзү жарык, оозунда сөзү бар экенинби?..

Кыскасы, Кулбараков канчалык кууланып, өзү менен кошо “жең ичинен” башка талапкерлерди алып чыкса да, аягы уятка калчудай божомолдор жаралууда. Ушундай.

Ал эми Кочкор округунан башка талапкерлердин аттары анчалык угулбай жаткандыктан, аларды кеп кылып, убакыт коротууну туура көрбөдүк.

Булак: Азия News гезити

Последние новости