www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмгектенүү максатында Россиянын Москва шаарына барып, бирок алданып калганын билген Э.Э. (кыз киши) Кыргызстанга кайтып келди. Бул маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликке 13-июнда кайрылган Э. у Т. бир тууганын кайрадан өлкөгө алып келүүгө көмөк сураган. Ушул эле күнү Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тиешелүү иштерди аткарып, Э.Э. кечки аба каттамы менен учуп келди, деп айтылат расмий маалыматта.
Кызга жакшы айлык төлөнүүчү жумуш убада кылынган. Бирок ошол жерден паспортун алып, сабап, мажбурлап иштетип, акчасын төлөбөй коюшкан.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы бул факты Бишкек ШИИБдин ЖКККББга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдирди.
2023-жылдын 13-июнунда Э.Т.нын арызы Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына аймактык өзгөчөлүгү боюнча кароого берилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
Булак: NazarNews.kg