www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Кулиев көчөсүндө адам өлтүрүү фактысы катталып, шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-июль күнү таңкы беште милицияга Кулиев көчөсүндө сабалган адам жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Тез жардам кызматкерлери келгенче ал эсине келбей каза болгон.

Биринчи май РИИБинин кызматкерлери Батыш автобекетинин аймагында нөөмөттө жүрүп, маркум эки досу менен урушуп кетип, аны сабап салышканын аныкташкан.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») менен катталган.

Милиция ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү 1998-жылы туулган У.Р. жана 1974-жылы туулган К.Н.ны колго түшүрүшкөн.

Тергөөнүн алкагында бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү

Булак: NazarNews.kg

Последние новости