www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомчулуктун көңүл чордонунда болгон "Куликов" компаниясы менен блогер Айтилек Орозбековдун чыры чечилип, тараптар элдешти. Бул тууралуу аталган компания расмий билдирүү таратты.
"Бүгүн "Куликов" компаниясынын кеңсесинде маанилүү жолугушуу болуп өттү. Коомчулуктун жана компаниянын өкүлдөрү Айтилек Орозбеков жана анын адвокаты менен пикир алышты.
Биз кечириштик. Кыргызстаныбызда ынтымак болсун, өнүгүү болсун.
Жыйынтыгында бардык маселелер тынчтык жолу менен чечилип, жаралган түшүнбөстүктөр такталды. Компаниянын кызматкери мурда берилген арызын кайтарып алды. Мындан ары тараптардын бири-бирине карата эч кандай дооматтары жок", - деп жазды компания.
Эске сала кетсек, блогер Куликов соода борборунун мекемелеринин биринде мамлекеттик тилде кызмат көрсөтүүнү талап кылган. Кийинчерээк компания Орозбековго каршы арыз менен кайрылган.
Айтилек Орозбеков - санариптик контент жаратуучу, ал мекемелерден мамлекеттик тилде кызмат көрсөтүүнү талап кылган видеолорду тартат.