www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кулкундуулардын курама командасы Кулматовдорбу?

Кубаныч Кулматов Москвада балмуздак жеп чоңойгону менен Кыргызстандагы көптөгөн бийликтин эрке баласы болуп келген. Анткени, ал иштин көзүн билбей эле, «маминкин сынок» болуп, ата-энесинин баласы катары, кымбат кофеге жулунуп, жечү жерди жара чайнап келген.  Кубаныч Кулматов түбөлүк ким бийликте болсо ошонун эрке баласы сезилчү.

Кеңеш Кулматовдун Султан Ибраимов менен кандай байланышы бар

Чүйлүк Кеңеш Кулматов эң алгач эле өз жердеши Ош облусун он жыл башкарып, жакшы атка конгон Султан Ибраимовго «тийишүүдөн» баштайт. Ал кезде атагы таш жарып турган Султан Ибраимов  спикерликтен өкмөт башчысына ооп, мамлекет башчысына талапкер эле. Өкмөт башчысы болоор менен ал Токмоктогу эт комбинатындагы Бостоновдун коррупциясынын коколой баштайт. Бостоновду боздотуп, эки муздаткычтын бирин бузулду деген шылтоо менен ал кездеги СССРдин мамлекет башчысы Брежневдин күйөө баласы Чурбановдун «мафиясын» багып турган. Султан Ибраимовдун демилгеси менен коррупция иштери ачыкка чыгып, таш-талканы чыгып Бостоновдордун алды атылууга кетишет. Ошол кездеги Кыргыз Башкы прокурору (ал кезде жөн эле прокурор  деп аталчу) Сакен Кыдыралиева эмне үчүн Бостоновду жанталашып актаганын ким билет. Бирок ал Кубаныч Кулматовдун энеси, Кеңеш Кулматовдун жубайы экени белгилүү. Ошол эмгеги үчүнбү ал мыйзам боюнча тыюу салынган «Ата-Түрк» сейил багында элдин жерине кол салып хансарай салган. Муну Бишкекте мэр кезинде Кубаныч Кулматов билмексен болду, себеби энеси да. Бостоновдун «мафиясынын» куйругун баскан Султан Ибраимов жок кылынды, ал эми Кеңеш Кулматов алдында тоскоолдук жок Кыргыз КП БКсына секретарь болгон.

Кубаныч Кулматов Кыргызстанды эмес, капчыгын өнүктүрүү үчүн жаралган

Кулматов Кыргыз КП БКсына секретарь болуп турганда мамлекет башчысын алам деп жүрүп Москвага кубаланат. Кудай жалгап КПСС БКнын Башкы секретары Михаил Горбачев анын жубайы менен МГУнун юрфагында чогуу окуптур. Кулматов Горбачевго таянып ушул күнгө чейин даң салып, ал эмес уулун май-талкан жерлерге коюп жүрдү. Путин булардын жегичин билген соң далысын салып кеткен. Буканы «сискасы» жок уй деген Кубаныч Кулматов Чүйгө губернатор болуп келип бухгалтерине иче турган кофесинин тизмесин берет. Беш –алты күн ичкен кофесине эле бюджеттин губернаторго бөлүнгөн акчасы кетмек, муну түшүнгөн бухгалтер ачык айтып чыгат. Кулматов Бажыда турганда каалаган кофесин ичип, саламдашчуулар төрт маал кирип турган. Ал Бажыга да Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басарлары Атамбаев менен Азимбек Бекназаровдун катуу талаштарынан соң келген.

Кубаныч Кулматов Орус-кыргыз өнүгүү фондун жетектегенде да атагы катуу чыккан. Анткени бул жерде соодага эмес, Кыргызстандын өнүгүшү үчүн акча бөлүнөт, Кубаныч Кулматов өз акчасындай Өмүрбек Бабановдун соода жаатындагы «Азиямолл» супермаркетине 18 млн доллар бөлүп атагы чыккан. Анын канчасын кулкунуна куйганын ким билет? Эки мэр бирдей камакта отурушкан, атасы жок Албек Ибраимов он беш жылга кесилди, атасы бар Кубаныч Кулматов айыппул төлөп чыга берди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости