www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-июнда Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Грузиянын Премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мака Бочоришвили менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу Грузиянын Премьер-министри Ираклий Кобахидзенин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында өттү.

Тараптар кыргыз-грузин кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, саясий диалогду өнүктүрүү жана эки тараптуу өнөктөштүктү бекемдөө маселелерине көңүл бурушту.

Ошондой эле Бишкекте өткөн Кыргыз-грузин соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын экинчи жыйынынын жыйынтыктары каралып, соода, транспорт, туризм жана санариптештирүү тармактарындагы кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Грузиянын тышкы иштер министри Кыргызстанды 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, бул шайлоо өнөктүгүн өткөрүүдөгү тажрыйбаны үйрөнүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде Жээнбек Кулубаев грузин тарапты 2027-жылдын октябрь айында өтө турган Экинчи Тоо саммитине катышууга чакырды.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-грузин кызматташтыгын мындан ары да кеңейтүүгө жана бардык деңгээлдерде активдүү диалогду улантууга кызыкдар экенин ырасташты.

Последние новости