www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

31-июлда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Билльстрём менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Швециянын эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташуу маселелерин талкуулашкан. Анда саясий байланыштарды улантуу жана ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу тууралуу сөз болгон.

"Швециянын тышкы иштер министри ыйык курандын китебинин нускасынын өрттөлүшүнө байланыштуу кырдаал тууралуу кыскача маалымат берип, бул маселе боюнча Швеция өкмөтүнүн позициясын белгиледи. Өз кезегинде министр Жээнбек Кулубаев Швециянын расмий органдары элдин диний сезимдерине таасир эткен мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча чараларды көрүшү керек деген пикирин билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Швецияда Куранды өрттөгөн бир катар учурлар болгон. Маселен, 28-июнда Курман айт майрамы күнү 37 жаштагы ирактык качкын Салван Момика Швециянын борбору Стокгольм шаарындагы мечиттин алдында Куран китебин өрттөгөн. Бул окуядан кийин мусулман өлкөлөрүндө бир катар нааразылык акциялары болуп өткөн.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости