www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 23-сентябрында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында өткөн ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жумушчу жолугушуусуна катышты.
Жолугушууда БУУнун Уставында белгиленген максаттар жана принциптердин алкагында ЖККУнун ичиндеги кызматташуу маселелери талкууланды.
Тараптар жамааттык коопсуздуктун натыйжалуулугун жогорулатуу, пайда болгон чакырыктарга өз убагында жооп кайтаруу жана аймактагы тынчтык менен өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн ЖККУнун БУУ жана башка эл аралык уюмдар менен кызматташуусун координациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Ошондой эле министрлер 2026-жылдын 11-ноябрында Москва шаарында өтө турган Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына даярдык көрүү маселелерин талкуулашты.

Последние новости