www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзам долбоорунун авторлору Кыргызстанда кумар оюндарын иштеткен административдик адистештирилген район түзүүнү сунуштап жатат. Алар мындай оюн-зоок комплексинин кызмат көрсөтүүлөрү жабык аймактарда уюштурулуп, чет элдик гана жарандар үчүн иштей турганын жазышкан.

Документтин демилгечилери Жогорку Кеңештин депутаттары Улугбек Ормонов, Калдарбек Баймуратов, Сайдолимжон Жураев, Бейшеналы Нурдинов жана Шайлообек Атазов.

Документ «Адистештирилген зоналардагы кумар оюн ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» долбоор деп аталат. Ал парламенттин сайтына 7-апрелде коомдук талкууга коюлду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости