www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш Ички Монголиянын какыраган чөлүндө, Гоби чөлү менен чектеш аймакта байыркы Хара-Хото, же Кара шаар кумга басылып убакыттын, мезгилдин катаалдыгын далилдеген карт тарыхтын күбөсүн турат. 

Бул шаар мындан миң жылдай мурда негизделип, Улуу Жибек жолунун маанилүү соода борборлорунун бири болгон. Бул жерде түрдүү элдер, тилдер жана диндер аралашып, маданияттар кесилишкен.
1032-жылы Батыш Ся мамлекети тарабынан негизделген шаар Эдзин-Гол дарыясынын жээгинде жайгашып, соода кербендеринин негизги токтоочу жайына айланган. Бул жерде жибек, татымалдар, нефрит сыяктуу баалуу товарлар өткөн. Шаарда будда кечилдери, кытай чиновниктери жана монгол жоокерлери жашаган.

XIV кылымга келгенде шаар күтүүсүздөн ээн калган. Окумуштуулар мунун бир нече себептерин айтышат. Согуштук кыйроо, дарыянын нугунун өзгөрүшү, соода байланышынын үзүлүшү жылышы шаардагы жандуу процессти токтоткон. Натыйжада, ээн калган шаар кум астында калып, тарыхтан өчкөн.
1908-жылы орус саякатчысы Пётр Козлов бул жерди кайра ачып, казуу иштерин жүргүзгөн. Натыйжада байыркы кол жазмалар, буддисттик тексттер, сүрөттөр жана күнүмдүк буюмдар табылган.

Бүгүн Хара-Хото – тарыхтын үн ката элек эстелиги. Ал адамзатка табият менен тарыхтын алдында канчалык алсыз экенин эскертет. Ошондой эле өткөндү сактоонун маанилүүлүгүн дагы бир жолу далилдейт.

Кара шаар – цивилизация жоголушу мүмкүн экенин, бирок анын изи тарыхта жашай берерин чагылдырат.

 

Последние новости