www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын батыш аймактарындагы кумшекер тартыштыгы Орусиянын кантты чет өлкөлөргө чыгарууга тыюу салганына байланыштуу. Бул тууралуу Казакстандын соода жана интеграция министринин орун басары Бахыт Султанов билдирди.

"Евразия экономикалык комиссиясынын 15-апрелде кабыл алынган чечиминин алкагында Казакстанга 31-августка чейин 350 миң тонна ак жана камыш кантын бажы төлөмүсүз алуу укугу берилген", —деди Султанов.

Кийинчерээк министрликтин Соода комитети Казакстанда кумшекер тартыштыгы жок экенин, өлкөдөгү үч кант заводу болгон кубаттуулукта иштеп жатканын билдирди.

Эске салсак, 23-майда Казакстан жарым жылга чейин өлкөдөн ак жана камыш кантын алып чыгууга тыюу салган. Өткөн жуманын аягында Айыл чарба министрлиги өлкөдө кумшекер өндүрүү токтобогонун, канттын 67 миң тонна запасы бар экенин билдирген.

Казак басылмалары тартыштык Орусиядан келген кумшекерге көз каранды болгон аймактарда байкалып жатканын кабарлап жатышат. Батыш Казакстан облусунун административдик борбору Орол шаарындагы соода түйүндөр бир адамга 2 килограммдан ашык кумшекер сатууга тыюу салышты. Маалыматка караганда, Актау шаарында да кант тартыштыгы байкалууда. Айрым аймактарда соода түйүндөрү кумшекер тартыштыгын темир жол аркылуу жеткирүүдөгү көйгөйлөр менен түшүндүрүп жатышат.

Ал ортодо Казакстандын Айыл чарба министрлиги учурда өлкө боюнча темир жол аркылуу 152 вагон кумшекер ташып жатканын билдирди.

Украинадагы согушка байланыштуу Москвага каршы санкциялар киргизилгенден кийин Орусия азык-түлүктүн бир нече түрүнүн, анын ичинде кумшекердин экспортун чектеген. Мындан улам март айында Казакстандын бир катар аймактарында кумшекер баасы кыйла жогорулаганы байкалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости