www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөр» кенинде эмгекти коргоо маселеси жергиликтүү жана чет элдик уюмдардын көптөгөн суроолорун жаратып келет. Учурунда эл аралык уюмдар кен казган жердеги жарандардын өлүмүнө байланыштуу көз карандысыз иликтөөнү талап кылышкан. Эсиңерде болсо керек, борбордук карьерде 250 метрдей жар кулап кетип, 25 жаштагы Алмаз Жакишевди басып калган. Анын сөөгү ошол бойдон табылган жок. Бул алгачкы кырсык эмес болчу.

2020-жылдын февраль айында Кумтөр алтын кенинде үч адамдын өмүрү кыйылды. Барскоон айылынын тургуну Жеңиш Ибраимакунов Петров көлүнө жакын көлмөнүн үстүндө калдыктарды тазалоо иштерин жүргүзүп жатканда муз жарылып, экскаватору менен кошо сууга түшүп кеткен. 2019-жылы 1-декабрда Лысый өрөөнүндө жер катмары көчүп, эки адамдын өмүрү кыйылган. Бир айдан ашуун издөө иштеринен жыйынтык чыкпаган соң маркумдардын жакындары издөө иштерин токтотууга макул болушкан. Айрым маалыматтарга караганда бул эки жараныбыз, калдыктар күн сайын беш метрден акырындык менен жылып турган жерде, түндөсү иштеген. Муну компаниянын жетекчилиги билген дешет.

Негизи мындан беш-алты жыл мурда көчкү жыла баштаганда, «Кумтор голд» ишканасы жумушчулар жашаган шаарчасын башка жакка жылдырышкан. Президент Алмазбек Атамбаев баш, парламент төш болуп мөңгүнүн алдынан алтын казууга уруксат берип койду эле, мөңгү дагы тездик менен жылып, жумушчулар үчүн кооптуу жагдай жарала баштады. Канадалык компания өзү түзгөн техникалык-экономикалык негиздеме боюнча алар алтынды жердин асты менен казып барыш керек болчу. «Борбордук» деген жактагы көчкү басып калган жердеги алтындын запасы казылбай кала берди. Ал тургай жаратылышыбызды бузуп, мөңгүнү дагы бекер беришти. Канадалыктар алтындын «каймагын» алып кетип жатышат. Муну мен какшап эле айтып келе жатам. Кумтөрдөгү алтын казып алуу комплексинде өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуу Өкмөттүн күн тартибиндеги маселе болушу керек болчу. Аны

көңүлдүн сыртында калтырууга таптакыр болбойт. Алгачкы жылдары «Кумтөр» кенинде бир топ кырсыктар болгону менен алардын так себебин билүү кыйын болду. 2000-жылдарга чейин Кумтөр алтын өндүрүүчү комплексинде эмгектин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча «Кумтөр оперейтинг компани» тарабынан алгылыктуу иштер жүрбөгөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы техникалык көзөмөл мамлекеттик башкармалыгынын адистери тастыктап келишкен. Эң кызыгы, «Кумтөр оперейтинг компани» ишканасы техникалык коопсуздук маселелери боюнча Канаданын Саскачеван провинциясынын ченемдик документтерин жетекчиликке алып иштешкен. Кыргызстанда ишкердүүлүк жүргүзгөн компаниялар кыргыз мыйзамына баш ийерин билишпейби? Албетте, билишкен. Алар Кыргыз Республикасынын ченемдик документтерин англис тилине которуп, «өнөр жай коопсуздугу боюнча чет өлкөлүк актылардын талабына шайкеш келтириш керек» деген шылтоо менен мыйзамдарды колдонуудан баш тартып келишкен.

1999-жылы эле алтын өндүрүүчү комплексинин объектилеринде 14 адам каза болуп, 67 адам ар кандай оор жаракаттарды алган. Эгерде Монголиянын «Бороо» кениндеги техникалык жана адамдардын коопсуздугунун сакталышы жөнүндө салыштырсак, аларда адамдын каза болуусу эмес, жаракат алган фактылары жокко эсе. Анда эмне үчүн Кумтөр кенинде мындай кайгылуу окуялар кайталанып келди? Буга канадалык ишкерлер так жооп берише элек.

Улуттук илимдер академиясынын президентинин жообу 

Аталган маселе боюнча 2008-жылы 26-ноябрда республикалык тоо кен тармагына техникалык көзөмөл жүргүзүү башкармалыгынын башчысы Д. Кушбаковго тапшырма бергем. «Анда, эмне үчүн өлгөн кишилердин себептерин иликтебей жатасыңар? Иликтенсе, буга ким күнөлүү? Ким жоопко тартылды? Жабыр тарткан адамдарга материалдык, моралдык жактан жардам берилиптирби, жокпу? Социалдык колдоого алынганбы?» – деген талаптарды койгом. Бул боюнча жазуу жүзүндө үстүрттөн жооп болгону менен, тийиштүү адамдардын кылмыш жоопкерчилигине тартылганы жөнүндө бир дагы сөз козголгон эмес.

Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын ошол учурдагы президенти Ш. Жоробековага кайрылып, «Кумтөр» долбоору боюнча Техникалык регламент иштелип чыкканы жөнүндө маалымат берүүсүн суранганымда, Президент айымдын (№01-1255 (20. 11. 2008-ж.) мага жазган катында, «Технологический регламент» по проекту «Кумтөр» Институтом физики и механики горных пород НАН КР не разрабатывался» – деген жообу келген.

Менин пикиримде техникалык регламенттин өзү тоо кен тармагында техникалык коопсуздуктун кепили болушу керек эле. Анда, канадалык компания эмненин негизинде иштеп келди?

Техникалык коопсуздук эрежелерин так сактабагандыктан, өмүрүн тобокелчиликке салуунун аягы, трагедия менен коштолуп келди. «Кумтор голд компани» адамдын тагдыры менен байланышкан трагедиялуу кырсыктарга жоопкерчилик менен мамиле жасаган жок. Ар бир кырсыктын артынан Өкмөттүк комиссия түзүлөт, компания «кырсыкты болтурбоо үчүн бардык чаралар көрүлүп жатат» деген баягы дежур убадасын беришкени менен адам өмүрү кыйылып келе жатат. Алар канчалык убада бербесин кенди казып алууда коопсуздук маселеси курч бойдон кала берди. Бул боюнча мен депутат болуп жүргөндө, андан кийин деле мамлекеттик тиешелүү органдарга кайрылып келдим. Кыргыз Өкмөтү «Кумтөр» алтын кенинде иштеген жарандарыбыздын коопсуздугун коргоодо техникалык эрежелердин жана долбоордо каралган талаптарды так аткартууда чабалдыгын көрсөтүүдө.

Чынында эле алтын казып алып жаткан компанияда эмгекти коргоо жана жумушчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселесинде ачыктык жок. Муну чет элдик эксперттер дагы моюнга алып келет. Кен байлыкты иштетүүнү колго алган дээрлик жыйырма беш жылдын аралыгында кырсыктар көп эле болду.

−1995-жылдын октябрында курулушта иштеген кызматкерлердин кезметин ташып бара жаткан вертолет кырсыкка учураган, 15 адам каза болгон;

−1999-жылга чейин Кумтөр обьектисинде 14 адам каза болгон ( вертолеттогу аварияны эсепке албаганда), 67 адам ар кандай оор түрдөгү жаракаттарды алышкан;

−1998-жылы май айында эки тоннага жакын цианид жана натрий гидрохлориди төгүлүп, Барскоон суусун ууландырган. Анын натыйжасында көп адам жабыр тартып, миңдеген адамдар медициналык жардамга кайрылышкан.

−1998-жылы июлда 70 литр азот кислотасы төгүлгөн;

−2000-жылы январда карьер самосвалы кулап, 1,6 тонна аммиак селитрасы төгүлгөн.

−2002-жылы бир жумушчу 200 метрлик көчкүнүн алдында калган.

−2002-жылы, – 2; 2003-жылы – 4; 2004-жылы – 1; 2005-жылы – 3; 2006-жылы – 4; 2007-жылы 5 кырсык болгон.

Мендеги маалыматтар боюнча, «Кумтөрдө» 66 киши ар кандай кырсыктардан каза болду. 129 киши 1–2-топтогу майып болуп калышты. Компенсацияларын ала албай чуркап жүрүшкөндөрү бар. Алардан кырсыкты иликтеген тийиштүү иш кагаздарын алуу тозоктун тозогу болгон эле. Жабык ишкана катары кол тийгис болгон. Канадалык компаниянын бир жетекчиси жоопко тартылган жок. Мына ушундай кырсыктарга байланыштуу айлана-чөйрөнү коргоо жана коопсуздук ченемдеринин сакталышын көз каранды эмес үчүнчү тараптын текшерүүсү керек деген талаптары кайра коюла баштаган. Бирок, «Кумтөр оперейтинг компани» биргелешкен ишканасынын администрациясы көз каранды эмес аудитти жүргүзүү үчүн өкмөттүк эмес уюмдардын кирүүсүнө тоскоолдук кылып келишкен.

Азыр деле ошондой абалды байкаса болот. Айрым маалыматтарга караганда, акыркы сегиз жылда «Кумтөр» кенинде тогуз адам ар кандай кырсыктардан улам каза болуптур. Бул эми коомчулукка дайын болгону. Майып болуп калган адамдардын майда кырсыктарын жашырып койгону канча болду экен?.. Кылмышты жашырып коюу канадалык компания үчүн проблема эмес. Ушундай адам өмүрү кыйылган трагедиялуу абалдан чыгуу үчүн чечкиндүү чара көрө албаган кыргыз бийлиги дале мажирөө, дале алсыз.

1998-жылы май айындагы Барскоон трагедиясы – кыргыз бийлигин алдап, кен байлыктын «каймагын» калпыган канадалык компаниянын катыгын берер факты эле. Эгерде мамлекеттин келечегин, элдин тагдырын ойлогон бийлик болсо адилеттүүлүк үчүн күрөшмөк. Акаевдин бийлиги андай эрдикке бара алган жок.

Барскоон дарыясына төгүлгөн цианиддин кесепетинен сууну пайдаланган жарандарыбыздын көбү жабыркады. Каза болгондору болду. Мал-жандыктар өлдү. Жергиликтүү калк жер-жемишин сата албай калды. Ошол жылдары Ысык-Көлдө туризм тармагы чоң чыгымга учурады. Чынында эле бир өрөөн үчүн зор

трагедия болгон.

«Камеко» компаниясынын төбөлдөрү бул кырсыкты жашырууга жетишпей калган. Эгерде цианид менен сууга кулаган контейнерди кыргыз чек арачысы көрүп калып, кабар бербесе, бул окуяны канадалыктар «жабылуу аяк, жабылуу бойдон» калгандай кылышары бештен белгилүү болчу.

Эгерде Канадада ушундай экологиялык кырсык болсо, сот тарабынан «Камеко» компаниясы ири айыпка жыгылып, тийиштүү жазаларын алат болчу. Канаданын мыйзамы боюнча айлана-чөйрөнү булгагандыгы жөнүндө жалган маалымат берсе, 1 миллион канадалык доллар айып салынып, керек болсо, 5 жылга эркинен ажыратылат экен. Ал эми айлана-чөйрөнү коргоо жаатында коомчулуктун кызыкчылыгына дал келбей, зыян келтирүүгө жол берсе, сот аны кылмыш жоопкерчилигине тартып, адам өлтүргөнгө тете жазалашат экен. «Камеко» компаниясынын шылуундары бизди канча алдады. Бул боюнча жазага кириптер болуштубу? Болгон жок. Мына ушул жерде Канада өлкөсүнүн мыйзамынан үзүндү келтирүүнү туура көрүп турамын.

«Канада. Специфика исполнения требований канадского законодательства по охране окружающей среды проявляется именно в отношении к уголовным наказаниям. Юристам Канады принадлежит инициатива считать загрязнение ОС, не оправдываемое интересами общества, уголовным преступлением наряду с убийством [420].

Уголовный кодекс (УК) Канады включает статьи, которые могут быть применены для природоохранного регулирования, например, ст. 387 — 301 о нанесении ущерба: лицо, виновное в загрязнении ОС, подлежит уголовному преследованию; лицо, сбрасывающее в ОС химические отходы, может быть признано виновным по ст. 174 о недозволенном размещении в общественном месте летучих веществ, способных встревожить или стеснить других, причинить им неудобства или ущерб собственности.

В рабочем документе Комиссии по реформе права Канады, озаглавленном «Преступление против окружающей среды», ставится вопрос о возможности рассмотрения ОС в качестве объекта охраны с помощью УК. Предлагается ввести в УК статью, квалифицирующую загрязнение ОС как преступление на основе 5 принципов:

1) вступление правонарушения в противоречие с фундаментальными ценностями общества;

2) определение серьезности ущерба, нанесенного в результате правонарушения (кроме экологической катастрофы);

3) действие или бездействие рассматривается как уголовное преступление, если это действие или бездействие совершено преднамеренно, по безответственности, халатности;

4) определить, не вступают ли меры по пресечению преступлений против ОС в противоречие с такими фундаментальными ценностями, как гуманность и справедливость, адекватность судопроизводства, презумпция невиновности и т. д. ;

5) необходимость оценивать квалификацию правонарушения или преступления с точки зрения ее вклада в дело борьбы с экологическими правонарушениями, а главное — их предупреждения [543].

Новый федеральный Закон Канады об ООС дает детальную разработку штрафных и уголовных санкций за загрязнение ОС, наделяет частных лиц правом возбуждать иски против виновников загрязнения [172, 267, 298, 304, 544]. В частности, предоставление ложной информации карается штрафом до 1 млн канадских долларов и лишением свободы сроком до 5 лет.

Штрафы за загрязнение могут достигать 1 млн долл. /сут. [446] В провинции Манитоба, например, существует развернутая система штрафов за загрязнение до 200 тыс. долл. /сут. в отношении компаний, не выполняющих мер по контролю загрязнения ОС [467].

(Лебедева А. Н., Лаврик. О. Л. Природоохранное законодательство развитых стран Ч. 2. Аналит. обзор /РАН. Сиб. отд-

ние. ГПНТБ. В 3-х)

Дарыяга төгүлгөн цианиддин кесепетинен адамдар жабыркап, экологиялык трагедия болуп жатса, кыргыз бийлиги аларды коргоп жүрдү. Цианид төгүлгөн жердеги көпүрөнү көргөн адам, «ушул жол аркылуу кантип оор жүк ташыйт?» – деп, жакасын карманары талашсыз эле. Совет доорунда эле курулуп, өзүнүн «өмү-

рүн өтөп» бүткөн көпүрөнү «Камеко» компаниясы оңдоп-түзөбөй пайдаланып келгени, биздин бийликти тоготпогондугу. Инвестициялык келишимде жолдун оңдолушу, айлана-чөйрөгө зыян келтирген учурда компенсация төлөп берүү каралганы менен, андагы беренелер так аткарылбай келди.

Чындыгында цианид кырсыгы элибизге күтүүсүз түйшүк арттырды. Арадан көп убакыт өткөнүнө карабастан, Барскоон трагедиясына болгон ошондогу бийликтин кайдыгерлигин сөз кылуу азыр деле актуалдуу. Карапайым элдин укугун коргоо жаатында сабак болчу жактары көп. Ушундан улам, Барскоон трагедиясын өзүнчө сөз кылууну туура көрүп турамын. Себеби, ошол учурдагы активдүү жаран, кийин Жогорку Кеңештин депутаты катары өзүм күбө болгон фактылар тууралуу ой бөлүшөйүн.

Азыр андагы элдин маанайын сөз кылуу өтө кыйын. Ууланган жарандарыбыз айласын таппай ден соолукка арачы болоор нерсеге зар болуп, бийликке үмүт арткан болчу. Жети-Өгүз районундагы айылдардын кунары кетип, аңгырап кудум эле согуштагыдай абалга туш келгендей болгон.

Кырсыктын кесепетин жоюу, жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүү максатында Президент жана Өкмөт тарабынан мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Комиссиянын жетекчиси болуп биринчи вице-премьер-министр Борис Силаев дайындалган. Бирок, бийлик Барскоон окуясына олуттуу карабай, «ат үстүнөн» мамиле жасап жатышты. Чындыкты бурмалашып, канадалыктардын таламын талашып, жактап жүрүштү. Басма сөз, телекөрсөтүүлөр аркылуу «Жети-Өгүздө баары жакшы» деп жалган маалымат бергендери дале көлдүктөрдүн эсинде.

Канткен менен, «Камеко» компаниясы кыргыз бийлигинин койгон дооматына жок дей алган эмес. Компаниянын берген маалыматы боюнча алар толугу менен компенсацияны төлөп берген. Бирок, ошол учурдагы Президент Аскар Акаевдин бийлигинин «куулук-шумдугунан» көптөгөн акчалай жана материалдык жардамдар жабыр тарткан элге жетпей, жарым жолдон тонолгону дайын.

«Камеко» компаниясы тарабынан бөлүнгөн акча каражатын мамлекеттик чиновниктер кымырып алды деген элдин дооматы дагы туура болгон. Акаевдин бийлигинин тушунда канадалык компанияны коргоп, Барскоон дарыясына сууга түшүп, мыкты роль аткарган ошондогу экология боюнча министри Кулубек Бөкөнбаев дагы, «компенсацияны төлөп берүүгө көп эле акча чегерилген, бирок, анын баары элге жетти дегенге ишенбейм» деп жалпыга маалымдоо каражаттарына билдиргени бар. Демек, андагы бийликтин жогорку эшалонундагы өкүлүнүн жабыр тарткан калкка акча толук жеткенине ишенбей жатканынын өзү, Өкмөт кырсыктан, адамдардын трагедиясынан акча жасаганга маш экенинен кабар берет. Анда эмесе сөз ирети менен болсун, окурман.

«Камеко» компаниясы тарабынан Барскоондогу кырсык үчүн Кыргыз Өкмөтүнө болгону 4 миллион 400 миң доллар компенсация чегеришкен. Бул ири каражатты Президент Аскар Акаев, ошол учурдагы өкмөттүк комиссиянын башчысы Борис Силаев баш болуп «жеп» коюшкан. Ооба, элдин ырыскысын жөн эле «жеп» коюшкан. Анан кырсыктан жапа чеккен элди алаксытып, анча-мынчасын Ысык-Көлдүн түндүк тарабындагы пансионаттарда эс алдырымыш болуп, жубатуунун айласын табышкан. Элдин ырыскысын тоногону аз келгенсип, кызмат көрсөткөн пансионаттардын акысын Акаевдин бийлиги ошол бойдон толук төлөбөй кеткен. Алсырап, азап тартып турган элге душманы деле мынчалык кара санабаса керек. Бирок, жетиөгүздүктөр өзүнүн бийлигинин ушундай мамилесин башынан өткөргөнү чындык.

4 миллион 400 миң доллар элге жетпегени, менимче бул маселенин бир эле жагы. Мендеги маалыматтар боюнча, 2008-жылдары «Кумтор оперейтинг компани» камсыздандыруучу компаниялардан 5 млн. доллар алган экен. Ошондогу «Кыргызалтындын» Президенти А. Жакыповдун 2008-жылдын 11-мартындагы жазган катына «Кумтор оперейтинг компани» ишканасынын президенти А. Сазанов, он беш камсыздандыруучу компаниянын аты-жөнүн тизмелеп, камсыздандыруу төлөмдөрүн жарыялоого болбой тургандыгын билдирип: «3. Кумтор Оперейтинг Компани получила 5 млн. долларов США в качестве страховой выплаты, связанной с аварией в Барскауне в 1998 году, что покрыло расходы по компенсации ущерба в соответствии с Договором по Урегулированию и часть расходов компании связанной с этой аварией...», деген мазмунда жооп берген. Сазановдун жообуна ишенсек, «аварияга байланыштуу компенсациянын чыгымын жаптык» деп отчет берип жатат. Анда 600 миң доллардын «изи» кайда калды? Аны ким жеп кетти? Кырсык болгондон он жыл өткөндөн кийин алган маалыматтын сыры эмнеде?

Эң өкүнүчтүүсү, жок жерден өзүнүн калкы жабыр тартып, өзүнүн бийлигинин көзүн карап, үмүт артып турганда, кайгы-капасына ортоктош болуунун ордуна, трагедиядан акча жасаганга жан талашкан бийликти кандай атоого болот?..

2005-жылдары Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенден кийин цианид трагедиясы боюнча Президент, Өкмөт жана Жогорку Кеңешке маселе коюп жүрүп, акыры Бакиевдин Өкмөтү канадалыктардан 4 миллион 400 миң доллар карыз алып, ошол сумманы жабыр тарткан элге 5 транш менен бөлүп берди. Эске түйөлү окурман, карыз алып, анан кутулган. Кийин 2009-жылкы келишим менен карызды кечирткенбиз.

Айтор, дээрлик 11 жылдан кийин мыйзамдуу компенсациясын алууга жетиштик десек болот. 11 жыл мурда акчанын баркы дагы күчтүү эле. Мына ушул айырмачылыкты Өкмөт төлөп бериши керек болчу. Анткени, мыйзамда бул маселе каралган. Өкмөт муну да төлөбөй кетти.

Негизи он бир жылдап созулган цианид кырсыгынан жабыр тарткандарга компенсацияларды мамлекеттен төлөтүп алуу оңой-олтоң болгон жок. Бир катар чогулуштар болду. Ысык-Көл облусунун ошол учурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов жабыр тарткан беш айылдын элинин арыз-арманын угуунун ордуна, алардын талабына тикеден-тике каршы болуп турду. Керек болсо, бийлигине таянып, коркутканга чейин барган. Ошого карабастан, элибиз өзүнүн атуулдук позициясына бекем туруп, укугун коргоп, бир топ талаптарды коюп келди. Эгерде алар жөн эле бийликтин көзүн карап отура берсе, компенсация албай калышы турган иш эле...

Барскоондогу цианид кырсыгы 1998-жылы май айында болгон. Мен андан жети жылдан кийин 2005-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайландым. Ага чейин жөнөкөй ишкер катары Нарында иштеп жүрдүм. Жогорку Кеңешке депутат болуп шайлангандан кийин, цианид кырсыгы боюнча, деги эле канадалык компаниянын кесепетинен азап тартып жаткан жетиөгүздүктөрдүн талабын парламентте, Өкмөттүн жыйындарында такай коюп келдим. Тийиштүү министрликтерге жергиликтүү элдин каттарына, талаптарына жооп алып берүүгө болгон аракетимди жасадым. Баары чечилбесе дагы, көп көйгөйлөрдүн башы ачылды. Бул маселенин бир жагы.

Сазановдун беш миллион доллар камсыздандыруу каражатын төлөгөндүгү тууралуу каты

Экинчи жагдай. Дүйнө жүзү боюнча өндүрүштүк ишканаларда иштеген жумушчулар камсыздандырылышы керек. Ошол эле Кумтөрдө дагы. Анткени, иштеп жаткан адамдын ден соолугуна, табийгатка зыян келсе, камсыздандыруу аркылуу тийиштүү суммасы төлөнүп берилиши шарт. Ушундан улам, «Кумтөр» ишканасы дагы камсыздандырылганын танбайт. Жогоруда А. Сазановдун каттагы жообуна караганда, он беш компания менен камсыздандыруу боюнча келишим түзүлгөнү айкын болуп турат. Демек, алар кенди иштетүү боюнча алдын ала камсыздандыруунун 67 пайызын биздин мамлекетке бериши керек болчу. Ошол учурда жеке эле 4 миллион 400 миң доллар менен алдабай, канадалык компания камсыздандыруу аркылуу дагы элди каржылоого милдеттүү болчу. Бул төлөмдөр мыйзамда каралган. Анда камсыздандыруу боюнча төлөмдөр кайда кетти? Муну ким алды? Эмне үчүн камсыздандыруу боюнча 67 пайыз үлүшү пайдаланылбай калган? деген маселени ошондо эле коюп келгенмин.

Он жылдан кийин бийликтин жүзүн ачкан катты А. Сазанов жарыялады. Көрсө, канадалык компания камсыздандыруучу каражаттын эсебинен элдин чыгымын төлөп беришкен турбайбы. Анда компаниянын өзүлөрүнүн эсебинен төлөп берчү каражаттары кайда? Ошондо жеке жоопкерчилик боюнча маселе коюлган болчу. Балким, кыргыз бийлиги тийиштүү сумманы алган да, адаттагыдай «жеп» коюшкан. Бул дагы тарых алдындагы маанилүү собол.

Кубанычбек Исабеков, экс-депутат

Булак: NazarNews.kg

Последние новости