www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү министри мектеп бүтүрүүчүлөрүн куттуктады

Бүгүн КР билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн жана мугалимдерин 2020-2021-окуу жылынын аякташы менен куттуктады.

Төмөндө министрдин куттуктоосунун тексти:

"Кымбаттуу бүтүрүүчүлөр,

Бүгүнкү күн – турмушуңардагы эң маанилүү күн, анткени силер мектепте окуган жылдарыңардын жыйынтыгын чыгарып, билим алган мектебиңер, таалим берген мугалимдериңер менен коштошуп, келечекке кадам таштап жатасыңар.

Ал эми саналуу күндөрдөн кийин силер жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан өтүп, колуңарга жетилүү аттестатын аласыңар. Бул сыноодон ийгиликтүү өтүп, өзүңөр каалаган окуу жайлардан билим алууну улантышыңарга тилектешмин!

21-кылымда өлкөбүздүн өнүгүүсүн билимдүү, жөндөмдүү, кесипкөй жарандардын ажырагыс биримдиги менен мамлекеттик кызыкчылыктагы бирдиктүү аракети шарттайт.

Өлкөбүздүн жаркын келечеги ар бириңердин аракетиңерге жараша болорун жүрөгүңөр менен сезип-туюп жатсаңар керек.

Силерге айтарым: кандай заманда, кайсы тармакта болбосун терең билим алган, заманынан артта калбаган адистер сөзсүз түрдө бааланат. Демек, жети өлчөп, бир кесип, өзүңөрдүн жөндөмүңөргө жараша кесипти туура тандап, келечекте баалуу жана алмаштыргыс адистерден болууга азыртан аракет кылышыңар абзел.

Элибизде “Жаштын тилегин берет” деген жакшы сөз бар, анын сыңары алдыңарга зор максаттарды коюп, ошолорго жетүүгө тынбай умтула беришиңерди каалайм. Ошону менен бирге келечекте мекен жүгүн көтөргөн мыкты атуулдардан болушуңарга чын дилимден тилектешмин!

Сапарыңар байсалдуу болсун, кымбаттуу бүтүрүүчүлөр!

Ушул учурдан пайдаланып, республика боюнча миңдеген бүтүрүүчүлөрдү мектеп уясынан учуруп жаткан мугалимдердин эмгегин баса белгилеп кетким келет.

Урматтуу кесиптештер,

Билим уясынан учуп чыгып жаткан окуучуларыңыздардын жетишкендиктери – сиздердин эмгегиңиздердин үзүрү. Сиздер коронавирус пандемиясынын шарттарында да өз милдетиңиздерди татыктуу аткара алдыңыздар. Андыктан сиздерге терең ыраазычылык билдирип, чың ден соолук каалайм.

Баарыңыздарды майрамыңыздар менен куттуктайм!".

Белгилей кетсек, быйыл 9-классты 103 414 окуучусу, 11-классты 61 546 окуучусу мектепти аяктап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости