www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Лунара Мамытова 20 жылдык жолугушууга барды. Мамытова социалдык тармактагы баракчасына сүрөт жарыялады.

Алар Ош шаарындагы №17 Ю.Гагарин атындагы мектеп-гимназиясында чогуу окушуп, классташ болушкан.

Лунара Мамытова буга чейин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары кызматын аркалап келген. Ал 2015-жылы "Бир Бол" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Ал эми бир нече жыл журналистика тармагында эмгектенген Аида Касымалиева учурда Жогорку Кеңештин вице-спикери. Ал 2017-жылы КСДП фракциясынан депутаттык мандатка ээ болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости