www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумтөрдө «Мен тамекиден баш тарттым!» долбоору старт алды

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому «Мен тамекиден баш тарттым!» долбоорун баштады. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Долбоор 2024-жылдын 31-майында, “Бүткүл дүйнөлүк тамеки чегүүгө каршы күнү” башталып, 2030-жылга чейин компаниянын бардык объектилерин тамеки тартылбаган таза аймакка айландыруу максатын көздөйт.

Ал эми долбоорго катышуу үчүн «Кумтөр Голд Компанинин» кызматкерлери үч адамдан турган команда түзүп, каттоодон өтүшү керек. Долбоордун жүрүшүндө команда мүчөлөрү толугу менен тамеки чегүүдөн баш тартуу зарыл.

Тамекини биротоло таштагысы келген кызматкерлерге долбоордун ар бир этабында медициналык, профессионалдык колдоо көрсөтүлүп турмакчы. Компаниянын медициналык адистери ар бир катышуучу үчүн жеке программа иштеп чыгууга да даяр. Долбоордун жеңүүчүлөрү баалуу байгелер менен сыйланат!

Тамеки – бул чеккен адамдын эле эмес, башкалардын да ден соолугуна залакасын тийгизген олуттуу көйгөй экенин эске алып, “Кумтөр Голд Компани” “Бүткүл дүйнөлүк чылым чегүүгө каршы күнү” бардык адамдарды бул жаман адаттан баш тартууга чакырат.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости