www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-февралда Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына М.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал У. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, У. 2024-жылдын декабрь айында «Kumtor Gold Company» компаниясына жумушка орноштурам деп ишенимине кирип, алдоо жолу менен 135 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып, белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү деп 1990-жылы туулган З.У. аттуу жаран кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда анын ушул сыяктуу дагы алты кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Последние новости