www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын сыртта жүргөн мигранттары өлкөгө бир жылда 1 млрд.долларга жакын акча киргизди. Ал эми Жер үй кени 100 млн.доллар берип, майда-чүйдө акчалар менен кыргыз өкмөтүн үмүтт эттирип жатат. Текейден арзанга кеткен Жерүй кени экологиялык маселеси жагынан алып караганда, кенди таптакыр иштетүүгө мүмкүн эмес. Көп маселени чечүү керек. Кечээ КТР дүйнөдөгү экологиянын азыркы абалы боюнча документалдуу фильм көрсө. Ал жердеги окумуштуулардын экологиялык боолгоолоруна салыштырып карасак, биздин ушул кездеги жашоо шартыбыз кудайга шүгүр экен. Ооруулар, табият кырсыктары, суу тартыштыгы, жер кыртышынын бузулуп, түшүмдүн аздыгы, мал-жаныбыздын этинин кубатсыздыгы сыяктуу нерселер тетирисинче бизге экономикалык жактан кубаттанууга эмес, алсыроого келечекте алып келет. Ал эч нерсе эмес, оорулуу коомду түптөйбүз. Казга теңелип, карганын буту сыныптыр"- болуп, башка өлкөгө теңелбей экономикабызды көтөрүүнүн башка жолун издөөнү ойлонушубуз керек го. Колдогу нерселерди эптей албай жатып, эмнеге суу башы болгон сай-сайыбызды кастырабыз?

Сууну экспорттоонун ордуна Өзбекстан, Казакстанга бекер агызып берип, анан суу башын өзүбүз жанчып жатабыз. Бул бизге келечекте чоң коркунучту алып келет. Макул, 20 жылда алтынды чет элдиктер казып кетишсин, андан кийин Кыргызстан алар калтырган калдыктарды экологияга таасирин тийгизбей турган кылып кармап олтурууга эле миллиардаган акчаларын өмүр бою сарптайт. Биз тапкан пайдалардан келечекте Кыргызстан жашап кете турган абалга өсүп жетишип, түгөнгөн сырьелорубуздун ордун ал тармактар толуктап жан багышыбыз керек. Биз ошого жетиштикпи? Кайсыл курган ырыскыларыбыз" эртен биздин экономикабызга салым кошо алат? Биз эмнеге ишенебиз? Мигранттаргабы? Же жер байлыктары кайра өсүп чыгат депби? Андыктан, азыркы журт жакшыларынын биринчи милдети, бери дегенде 30 жыл алдыдагы Кыргызстандын келчегине көз чаптырышы керек. Эмнелерди алдыга жылдырып, эмнелерди тыюуу керек, эмнелерди сактап калуу керек, эмнеден аксап, эмнени жасабай жатабыз, эмнелер эсепке алынбай жатат, эмнени күчтөнтүп, эмнелерди такташыбыз жана эсепке алышыбыз керек дегендей, талаптар, эсептөөлөр менен иш алып барбасак, Кыргызстан өзүнүн ырыскысы, өнүгө турган келечегин таппай, баш айланган башаламандык болуп, демократия дегенди, сөз эркиндигин эле өнүгүү деп билип баратабыз, сыягы.

Алдыдагы 10-15 жылда дүйнө экологиялык коркунучка кептелет, кептелди кээ бир өлкөлөр. Биз экологияны сактап калсак, биз келечекте быкшып бир багытын таппай жаткан экологиялык таза жер-жемиш, эт, сүт дегенди экспортко элдин алды болуп алып чыгабыз, сууну сурантып сатып, туризмден кышы-жайы бош болбой калганга жетишебиз. Андыктан, элге, өлкөгө өтө чоң таасири, зыяны болбогон кен байлыктарыбыздын граммына чейин өз кызыкчылыгыбызга эсептеп иштетип, экологиялык жактан чоң коркунуч жараткан кендерге мораторий жарыялап шашпай турушубуз керек деп ойлойм.

Туура, биз кыйналып жатабыз, "мунайыбыз жок" деп эле, башка жол издебей жерлерибизди жетишсиз тажрыйба менен кастырып, эсеп-чоту жок, пайдасы аз, кызыкчылык Кыргызстандыкы болбой, туш келди бир ууч топтун кызыкчылыгы менен максатысыз пайдалана бергенибиз болбойт. Бул- атасынан калган мал-мүлктү эптей албай, жол таппай, алкым үчүн бар ырыскысын арзанга сатып, үй-бүлөсүн кор кылып, аларды, өзүн ар кимге аштык үчүн жан бакты жалданма жумушчуга айланткан жаман атанын абалына окшошот.

Андыктан, биз баарын ирээттеп, тактап, ийгилик менен кемчилик жолубузду аныкташыбыз керек деп ойлойм. Өкмөт дегеле бийлик, бир багытты издөө үчүн эч качан тобокелчиликке бара элек. Баардык ийгиликтин башаты, жакшы максаттагы тобокелчилик. Бизде эскиден калган жол бар, ага түшөт да, рамкадан чыкпай, өзүн маданияттуу, маанилүү кишидей көрсөткөн, салмактуудай, салабаттуудай сүйлөгөн эле кишини мыкты жетекчи деп түшүнгөн абал өкүм сүрөт. Ушул кездеги абалыбыз ошого зарылбы? Жок. Тынымсыз, күнүнө, ал турсун саат сайын изденип, ой калчап, мурда кетирген кемчилигибизди жаап, жаны идеяларды жаратышыбыз керек деп ойлойм. Буга жаштар көбүрөөк аралашуу керек. Жаштарыбыз да алсыз болууда....

Булак: NazarNews.kg

Последние новости