www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журт атасы улуу урматтуу Сооранбай Шарипович! Мен Тоо-Моюн Айыл өкмөтүнүн аксакалдары жана ушул жердин туургундарынын үнүн тикесинен чечип берет деген үмүт арттырып жазып, Ысык-Көлдөгү мигранттардын Форумунда айткан сөзүңүзгө таянып коррупционерлердин атын атап жазып жатабыз.

Араван районунун Тоо-Моюн айыл өкмөтү Союз мезгилинде аймактык жактан Араван районуна жакын болгондуктан Араван районунун карамагына кирип калган. Тилекке каршы Союз тарагандан кийин дайыма каттап турган Өзбекстандын Мархамат жолу жабылып, ошол убактан бери Кызыл-Кыя, Ноокат район, шаарлар аркылуу 130 чакырым жол басып Араван районунун борборуна документ иштерин, оруукана, акимият ж.б.у. маселелерди чечип келишет.

Карапайым эл кээде барганга жол акысын таппай көп жумуштары бүтпөй калып жатат. Тоо-Моюн айыл өкмөтү үчүн эч кандай көңүл бурулбай жатат. Илгери айылда аксакалдардын айткан сөзү аткарылчу, азырТоо-Моюн айыл өкмөтүндө Өмүрбек Бакиров деген бандит сорой айыл өкмөтүн да өзү шайлап, депутатын да өзү тандап, айылдагы бардык маселени ошол чечип калган. Алжердегилердин айтуусу боюнча Өмүрбек Бакировко бир да адам катуу айталбайт экен, себеби ар кандай колундагы жигиттерди жөнөтүп элди коркутат элдин айтуусу боюнча.

Тоо-Моюн айыл өкмөтүндөгү эң чоң маселе таза суу маселеси. 18 миң калкы бар айылда ичкен суу маселеси чечилбей келет. Ошондон улам ар кандай оорулардын чыгышына ушул маселе түздөн-түз себеп болуп жатат.

Экинчи агын суу маселеси боюнча биз айткан Өмүрбек Бакировтун жакындары өзүнчө эле мафия экен. Ар бир айылдын суу болгон кызматкерлери же мураптары суу ачкан ШАХМУРАПК Аакча алып суу беришет экен.

Үчүнчү маселе Авиз айылындагы маданият үйүнө 2 800 000 сом акчалар капиталдык ремонтко деп, акча жумшалган эмес. Маданият үйүн көрсөңүз мышык ыйлайт. Сүрөттөрү жөнөтүлгөн.

Төртүнчү маселе ар бир айыл участкаларынын көчөлөрүнө шагал-таш төктүрдүк деп мамлекеттин казынасынан кол салып уурдап жеп жатат.

Бешинчи маселе Тоо-Моюн эли дыйканчылык менен алектенгендиктен эң көйгөйлүү маселе пахта маселеси. Араван районундагы жалпы түштүк аймагындагы пахта иштетүүчү заводтор бардыгы бири-бири менен келишип алып, МОНОПОЛИЯ кылып алышкан. Тоо-Моюн эли өндүргөн продукция  ортомчуларсыз алынбайт жана баага болгон айырмасы райондон бир топ эле арзан. Элдин өндүргөн продукциясын монополиясыз жакшы баага сатышына дыйкандарга шарт түзүп берсениздер.

Алтынчы маселе Жеке-Мисте айылындагы ФАПка 2 400 000 сом акча ажыратылып 2017-жылы толук жумшаган эмес.

Ак-Шар айылындагы чоң жолдун боюндагы көпүрөнү Раза аттуу ажынын балдары куруп, атама сообу тийсин деп курса, өкмөт башчысы Абдуллаев Санжар биз курдук деп акча жеп алган.

Ак-Шар айылындагы лицей экинчи кабатта, бала-бакча биринчи кабатта жайгашкан. Ушул кантип эле болсун? Татыктуу тарбия алам деген наристелер ошол жердеги өспүрүмдөрдүн кылык жоруктарын көрүп, келечекте кандай инсан болот? Ошол бала бакчанын башчысы Абдуллаев Санжардын бир-тууган эжеси, арбир бала бакчага келген наристеден акчасыз орноштурбайт.

Керкидан айылында 2015-жылы бала бакчага 2 600 000 сом акча жумшалды деп акча ажыратылып, булат алган сумма жумшалбай жеп коюшту.

Араван райондон алыс болгондуктан Тоо-Моюн айыл аймагыны  район администрация башчысы Айтибаев Курманбек унутуп калганбы же жол алыс келе албай жүрөбү?

Эсеп палатасы жана текшерүүчүлөр чай ичип оозу майланганбы, же Өмүрбек Бакировтон коркконунан көздү жумуп, болду ШЕФ деп кеткенби?

Кайрылуу ээси Нурбаев Гапыр

Тел: 0771 11 87 53

Булак: NazarNews.kg

Последние новости