www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Discovery" мейманканасындагы обсервацияда иштеген ыктыярчы кыз эки тараптуу пневмониядан улам каза болгон. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрилигинен билдиришти. 

Мекеменин айтымында, кыз ыктыярчы медайым болуп иштеген.

"13-июлда, болжол менен саат 19:45тер чамасында анын абалы кескин начарлап кетип, карышып (судороги) калган. Жүрөк-өпкө реанимациясы башталган, бирок бейтап 20:45те көз жумду. Кесиптешинин айтымында, ал буга чейин ден соолугуна  даттанган эмес", - деп айтылат кабарда. 

Жансыз дене союлган. Алдын ала маалыматтар боюнча, өлүмгө эки тараптуу пневмония себеп болгон. Акыркы диагноз соттук-медициналык изилдөөлөрдөн кийин белгилүү болот.

"Саламаттыкты сактоо министрлиги студенттин жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат", - деп кошумчалады департаменттен.

Эске сала кетсек, студенттин өлүмү тууралуу анын кесиптеши жана досу кабарлаган. 

Ал эми  Данияр Амат аттуу дарыгер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына төмөнкү билдирүүнү жазып чыкты.

"Абдан өкүнүчтүү, жаш экен, энтузиазм жана мекен алдындагы милдет анын ишке чыгуусуна түрткү болгондур. Анан дагы обсервацияларда реанимациялык иш-чаралар үчүн шарт түзүлгөн эмес. Интубациялык мешоктор, амбулатордук каражаттар, ларингоскоп, шокко каршы аптечка да жок. Адамды сактап калуу үчүн негизги атрибуттар жок. Студенттер, ыктыярчыларды ишке чакыруу менен аларды отко салып беришти. Балким, аларды жок дегенде 2 апта окуудан өткөрүү керек эле. Юридикалык жактан көптөгөн суроолор жаралууда. Силер ата-энеңер үчүн жалгызсыңар, бул орду толгус жоготуу", - деген ал өз билдирүүсүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости