www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курал, ок-дарыга кайсы өлкө канча миллиард доллар каражат сарптСтокгольм эл аралык тынчтыкты изилдөө институтунун (SIPRI) 2025-жылдагы отчетунда дүйнөдө коргонууга эң көп каражат бөлгөн өлкөлөрдүн тизмеси жарыяланды.

Тизмени 954 миллиард долларлык аскердик бюджети менен АКШ жетектейт. Бул дүйнөлүк коргонуу чыгымдарынын болжол менен 33 пайызын түзөт.

Экинчи орунда 336 миллиард доллар менен Кытай турат. Пекиндин дүйнөлүк аскердик чыгымдардагы үлүшү 12 пайызды түзөт.

Үчүнчү орунда 190 миллиард доллар менен Россия жайгашкан. Москванын дүйнөлүк коргонуу чыгымдарындагы үлүшү 6,6 пайызды түзөт.

Тизмеге кирген башка өлкөлөрдүн коргонуу чыгымдары төмөнкүчө:

• Германия — 114 миллиард доллар 

• Индия — 92,1 миллиард доллар 

• Улуу Британия — 89 миллиард доллар 

• Украина — 84,1 миллиард доллар 

• Сауд Арабиясы — 83,2 миллиард доллар 

• Франция — 68 миллиард доллар 

• Япония — 62,2 миллиард доллар 

• Израиль — 48,3 миллиард доллар 

• Италия — 48,1 миллиард доллар 

• Түштүк Корея — 47,8 миллиард доллар 

• Польша — 46,8 миллиард доллар 

Отчетто белгиленгендей, 2025-жылы дүйнө жүзүндөгү жалпы коргонуу чыгымдары 2 триллион 887 миллиард долларга жетип, тарыхый рекорд жаңыртылды.

Последние новости