www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк оор кырдаалдарды түзгөн Түркиянын чек арасындагы курч абал,  Сириянын түндүк-чыгышындагы күрд кошуундарына каршы “Тынчтык булагы” операциясы 9-октябрда башталган. Анкара бул операция аркылуу Сириянын түрк чегине жакын аймагында коопсуз тилке түзүүнү, ал жерге өз аймагындагы сириялык эки миллион качкынды жайгаштырууну көздөөрүн билдирген. Бирок АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Анкаранын аракетин кескин айыпташкан. Эрдоган да АКШга жана Европага жооп берип, керек болсо, качкындарды Европаны көздөй агыларын билдирип, Батыш өлкөлөрүнүн жүрөгүнүн үшүн алган.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен орус лидери Владимир Путин 22-октябрда Орусиянын түштүк борбору болуп бараткан Сочи шаарындагы кездешүүсүндө Анкаранын Сириядагы операциясына байланыштуу меморандумга кол коюшту. Өз ара түшүнүшүү тууралуу 10 пункттан турган бул документке ылайык, сириялык күрд кошуундары 150 сааттын ичинде Сириянын Түркия менен чектешкен, кенендиги 32 чакырымды түзгөн тилкеден же буфердик аймактан толугу менен чыгып кетиши керек. Бул мөөнөт 23-октябрда түшкү саат 12де башталат. Дээрлик алты күн алты саатка созула турган бул убакыт ичинде ок атылбашы керек. Андан соң Түркия жана Орусия аймактагы коопсуз тилкени биргелешип күзөтүшмөкчү.

17-октябрда Вашингтондун ортомчулугу менен Түркия Сириянын түндүгүндөгү аскердик операциясын беш күнгө токтото турууга макул болгон. 22-октябрда бул мөөнөт бүтөөр алдында сириялык күрд кошуундары макулдашуунун талабын аткарып, аймактан чыгып кетишкенин билдиришти.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости