www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курман айт майрамын кайсы күнү майрамдайбыз?

Курман айт майрамы быйыл 20-июлда белгиленет. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-июль Зул Хижжа айынын (июль) биринчи күнү болгондуктан арапа күнү 19-июлга, Курман айт майрамы 20-июлга туш келди.

Муфтияттан билдиришкендей, курмандыкка бодо мал, тактап айтканда төө, уй жана кой жарайт. Жапайы кийик, аркар-кулжа жана элик сыяктуулар курмандыкка жарабайт. Ошондой эле жылкы да курмандыкка чалынбайт. Уйдун катарына топоз, койдун катарына эчки кирет. Төөнүн жашы төрткө толуп бешке кетиш керек. Уй эки жаштан ашыш керек. Ал эми койдун козусу жана эчкинин улагы алты айдан ашкан чоң болушу зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости