www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оппозиция лидерлери мен тууралуу эмнелерди гана айтышкан жок, кандаң гана оор айыптоолорду тагышкан жок? Анын натыйжасы эмне болду? Ошол эле 2010-жылы апрелде өлкөдө кандуу төңкөрүш жасашкан адамдар өздөрү бийликке келишкен соң, ушул өткөн жылдар бою жалпы мародеорчулук катары гана мүнөздөмөгө ылайыктуу болгон коомдук мүлктү карактоо жана республиканын стратегиялык ресурстарын сатуу, анын экономикалык жана саясий көз карандысыздыгына зыян келтирүү сыяктуу саясатты гана жүргүзүп келе жатышат. Кыргызда “осурган кыз, осурбаган кыздын бетин аймап алыптыр” деген макал бар.

Ошол эле логиканы курал кылып алышып, алар мени Каркыра маселесин чечүүдө да Кыргызстандын кызыкчылыгын сатып жиберген деп айыптап келе жатышат. Дүйнөлүк тажрыйбада территориалдык маселелер эки тараптуу тарапта чечилет: кимдир бирөө аймактын бир тарабында чегинүүгө барат, а экинчиси аймактык башка бир тарабында чегинет - биз деле дал ошондой кылдык. Каркыра боюнча биз эч нерсе уттурган жокпуз. Парламент депутаттары ал жакка барып, баарын көрүп, иликтеп көрүшкөн, ошол жерде жашашкаы элдер менен сүйлөшүшкөн. Адамдар Казакстан эгерде бизге тигил жана бул жерлерди берсе жакшы болмок дешкен. Казакстан биздин талабыбызды орундатып, жергиликтүү калк сураган жерлерди берген. Каркыраны биз сатып жибергенбиз деп жөн эле куру сөздөрдү айта берүү - бул былжыраган сөз. Бир дагы мамлекет өзү каалагандай кылып чек арасын чийип, анын ичиндегини өз аймагы деп жарыя кыла албайт. Чек ара маселелери эки тараптуу сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечилет.

Бул иштердин башынан аягына чейин катышкан, билген КР Коопсуздук Кеңешинин катчысы Токон Мамытовдун сөзүн келтирейин.

«Каркыра участогун берүү туура эмес болгон деп айтып, ушуга байланыштуу саясий оюндарды уюштуруунун өзү туура эмес. Оппозиция лидерлеринен айрымаланып, мен Каркыра жери менен жакшы таанышмын. Мен Ысык-Көлдө чоңойгонмун жана бул жерлерди билем, ошондуктан, биз ал жерлерди казактарга берип койдук деп айтуунун кереги жок” – деген.

Кыргыз-казак чек арасы жөнүндө сөз кылуудан мурда, келгиле, мындан бир нече жыл мурдагыга кайрылалы. 2001-жылдын 15-декабрында Астанада Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кыргыз-казак чек арасы жөнүндөгү келишимге кол коюлганын биз баарыбыз билебиз. Ошол келишимге ылайык, 2003-жылдын 31-декабрында Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине ички жол-жоболордун баары сакталгандыгын, бул келишим Казакстан тарабынан ратификациялангандыгын билдирет. Ошондон бери, 2003-жылдан 2008-жылга чейин бул маселени Кыргызстан чечпей келген. Мына, эми жакында гана бул келишим биздин парламент тарабынан ратификацияланды, ошондуктан, акыры келип бул ишке чекит койсок болот. Бирок, ушуга карабастан, оппозциялык күчтөр бул суроону Талас, Чүй областтарындагы жер маселелери боюнча, ошондой эле Каркыра боюнча жана Ысык-Көл облусундагы төрт пансионат боюпча улам-улам көтөрүп жатышат. Төрт пансионат боюнча макулдашуу дагы ратификацияланган. Айрым адамдар ал пансионаттарды бекер берилди деп эсептешет. Мен буга макул эмесмин. Жер 49 жылга арендага берилген. Өз учурунда ал пансионаттарды Казакстан курган.

Макулдашууга ылайык, пансионаттар жыл бою иштеши керек, ал үчүн аларды үч-төрт жылдыздуу отельдердин деңгээлине жеткирүү керек. Казакстан бул максатта канча каражатты сала алат? Биз ушуну карап чыгышыбыз керек. Мындан сырткары пансионаттардын кызматкерлеринин 80% кыргыз жарандары болушат. Менин оюмча, пансионаттар маселеси туура эле чечилген. Ал эми Каркырага келе турган болсок, анда 1998, 1999, 2000-жылдарда Казакстан менен Кыргызстан тараптын Өкмөттөр аралык комисиясында 600 гектар жер маселеси карлаган. Мындай Комиссиялардын курамына сөзсүз түрдө  жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү дагы киргизилерин сиздер жакшы билесиздер, мисалы, губернатор же анын орун басары. Мындан сырткары, айыл өкмөт башчылары комиссиянып наамына ошол аймактар боюнча өздөрүнүн доолору барбы, же жокпу, билдирип кат жазышат. Мына ушулардын негизинде комиссиянын биргелешкен иши жүргүзүлөт.

Маселен, Түп районунда, Каркырада, Санташ айылында 4-чү ферма бар. Ал жерде жашаган адамдар жана айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, областтык администрация ошол жерди өздөрүнө берүүнү суранып комиссияга жазышкан, себеби, ал жер Санташ айылына жакын экен, жергиликтүү калк ал жерде мал жайып, малы үчүн чөп жыйып алууга ыңгайлуу. Биз ал жерди ченеп көрдүк, анын аянты 1150 гектар болуп чыкты. Ал эми Казакстанга биз 620 гектар жер бердик.

Мен ушул суроолорду көтөрүп жатышкан адамдар өздөрү Каркырада эч качан болушкан эмес деп ойлоймун. Бул туура эмес. Баары биригип 620 гектар жер берилген, анын үстүнө чек арага жакын Кеген постуна жакын жер берилген. Ошол эле учурда биз 1150 гектар жерди Санташ айылына жакын жайгашкан 4-чү ферманын жанынан алабыз. Ошондуктан, бул стратегиялык жаңылыштык деп айтуу туура болбой калат. Бул суроо ички кызыкчылыктарды эске алуу менен, коңшулаш өлкө менен суйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилген.

Мени Кытайга Үзөңгү-Куушту берүүдө жана Аксы окуялары боюнча жана 2005-жылдын мартында чет өлкөлүк кандайдыр бир спонсорлордун колдоосуна таянып алып, мамлекеттик төңкөрүш жасоого барган деп айыптап келе жатышат. Бул мен жазган китепти көңүл коюп окуган адам кимдин тигил же бул окуя же кадамдар үчүн айыптуу экендигин тез эле түшүнөт. Дал ошол сыяктуу эле, мени трайбалист, регионалист деп, жана башка ушул сыяктуу ойдон чыгарылган айыптоолорду тагып жүрүшкөндөрдү да мен абсолюттук түрдө четке кагамын. Мен бул китепте жазгандай, 40 жашка чыкканга чейин мен дегеле кыргыздардын урууларга жана региондорго бөлүнүшөрү тууралуу эч түшүнүгүм да болгон эмес, менин командамдагы адамдар иштиктүү сапаттары жана иштей алышкандыктары үчүн тандалып алынып турган.

Биз баарыбыз тең бет келип калган айрым тарыхый процесстер жана окуялар эле татаал, кыйчалыш жана чырмалышкан сыяктуу болот. Ошентсе да, көңүл коюп, терең ойлонуп көргөн адам көп нерсени түшүнө алат, ал эми мезгил өткөн соң эң эле тереңде катылган сырлар да ачылып, ачыкка чыгат.

Курманбек Бакиев, КР экс-президенти

Булак: NazarNews.kg

Последние новости