www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-сентябрь парламенттин жалпы жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев кечээ депутатка айткан сөзү боюнча комментарий берди. Ал эч кимге заказ берип иш козгоо аракетин көрбөгөнүн белгиледи.

"Мен Башкы прокурор катары эч качан бирөөнүн артынан заказ берип, арыз алып же камап укугун тебелебейм, акым дагы жок. Иштөө стилимди дагы көрүп жатасыздар, эч кандай заказ менен иш кылбайбыз. Себеби башкы прокурор өзүнүн жеке кызыкчылыгын мамлекеттик ишке аралаштырбашы керек. Ошондуктан мен милдетимди так аткарам деп ойлойм", — деди Зулушев.

Белгилей кетсек, кечээ, 21-сентябрда, парламенттин тармактын комитетинин жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев башкы прокурор ага иш козгоо үчүн УКМК төрагасына команда берип жатканын билдирген. Ага Зулушев "Мен эч кимге команда бербейм. Эгер команда болсо сизге бир нерсе таап коюш оңой эле" - деп жооп берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости