www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курманкул Зулушев жаңы кодекстер качан күчүнө кирээрин айтты

Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев журналисттерге жаңы кодекстер (Кылмыш-процессуалдык, Кылмыш, Кылмыш-аткаруу жана мыйзам бузуулар тууралуу) качан күчүнө кирерин айтты.

Ал жаңы кодекстер ушул жумада Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөрүн белгиледи.

“Белгилүү болгондой, ал жакта 3 окуу бар, эгер жаңы кодекстер долбоору 3 окууда тең кабыл алынса – бул 1 же 1,5 айды талап кылат, анда биз жаңы кодекстерди 1-сентябрдан тартып ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Ага жетишпесек, анда 2022-жылы 1-январдан тартып иштейт”, - деди ал.

Ошондой эле, Зулушев жаңы кодекстерди кабыл алуу 1-январга чейин жылып кетиши мүмкүн экенин айтты, анткени бардык укуктук статистика электрондук маалымат базасына өткөрүлөт, бул жаңы кодекстердин күчүнө киришине түздөн-түз таасир этет.

“Азыр програмисттерибиз мунун үстүнөн күнү-түнү иштеп жатышат. Эгер алар жетишсе 1-сентябрдан баштап жаңы кодекстер күчүнө кирет”, - деди башкы прокурор.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости