www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курсан Асанов чукул кайрылуу жасады

Ички иштер министринин мурдагы орун басары жана президенттикке талапкер Курсан Асанов элге кайрылуу жасады.

Курсан Асановдун кайрылуусу:

Урматтуу Кыргызстандыктар!

Алдыдагы президенттик шайлоонун алдында ар бирибиз өзүбүз үчүн, өлкөнүн келечеги үчүн олуттуу чечим кабыл алышыбыз керек. Жакынкы жылдары биздин кандай жашай тургандыгыбыз так ошол 10-январь күнү берчү добушубузга түздөн түз байланыштуу болот.

Эгемендүүлүктү алгандан бери биз демократиялык бийликти орнотуу үчүн татаал жолду басып өттүк. Бирок, бүгүнкү күндө биздин жарандардын бийликке болгон ишеними өтө төмөн экендигин мойнубузга алышыбыз керек. Айрыкча, жогорку бийлик өкүлдөрүнө – президентке жана парламент депутаттарына эл үмүт артпай калды. Анткени алардын айтылган сөзү менен жасаган иштери эки башка болуп, көптөгөн убадалары аткарылган жок.

Урматтуу мекендештер!

Мен көп жылдар бою укук коргоо органдарында чын дилимден ак кызмат өтөп келдим. Кыргызстандын чыныгы патриоту катары элибиздин татыктуу жашоосун камсыз кылууга салым кошуу максатында мен, Курсан Асанов, президенттик шайлоого катышууну чечтим.

Бул жооптуу чечимди кабыл алып жатып, мамлекетибизде тартиптин бекем болушун жана мыйзамдуулуктун сакталышын, укук коргоо органдарынын жана сот бийлигинин адилеттүүлүгүн камсыздаган, бардык тармактардагы коррупция менен уюшкан кылмыштуулуктун тамырын кырккан, адам укуктарынын кынтыксыз сакталышын, жарандардын эркиндиктеринин толук корголушун камсыздаган, эң башкысы чек ара маселесин тынчтык жолу менен жигердүү чечкен жана өлкөдөгү кен байлыктардын жалпы кыргызстандыктардын пайдасына иштетилишине жетишкен – Президент керек деп эсептейм.

Офицер катары мен өлкөбүздүн келечеги үчүн жоопкерчиликти сезем, ошондуктан мен өз тандоомду жасадым жана бул менин жарандык позициям!

Биз Сиздер менен биргеликте бийлик жарандарыбыздын жыргалчылыгы жана адилеттүү коом үчүн гана иштешин камсыздай алабыз деп терең ишенем!

Мен үчүн баарынан улук милдет – Кыргызстандын бүтүндүгү, биримдиги жана туруктуулугу!!!

Урматым менен, Курсан Асанов!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости