www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Казакстан Республикасынан келген гуманитардык жүктү кабыл алуу иш-чарасына катышты. 

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Казакстан Республикасынын Президентине жана Казакстан Республикасынын Премьер-министрине көрсөтүлгөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирем. Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн атынан өлкөбүз үчүн кыйынчылык кырдаалда көрсөткөн колдоосу чыныгы бир  туугандык мамилелердин далили болуп саналат. Бүгүн биз өпкөнү жасалма дем алдыруучу 400 портативдик аппарат жана 2 миллион медициналык беткап түрүндө гуманитардык жардам алдык, алар республиканын медициналык мекмелери ортосунда бөлүштүрүлүп берилет», - деди вице-премьер-министр. 

Эльвира Сурабалдиева белгилегендей, мурда казак тарап COVID-19 күрөшүү алкагында бир нече ирет гуманитардык көмөк көрсөткөн. Атап айтканда, азык-түлүк коопсуздугун колдоо иртеинде 5 тонна ун жеткирилиген. Гуманитардык жардамдан тышкары, казак тарап транспорттук коридор ачууга көмөк берип, Кыргыз Республикасынын жарандарынын үчүнчү өлкөдөн кайтып келүүсү үчүн транзитти камсыздап берген. 

«Биз казак элинин жардамын жана колдоосун баалайбыз. Эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүк алкагында биргелешкен күч-аракет менен тоскоолдуктарды жеңип өтөөрүбүзгө ишенем. Элибизге тынччылык, бакубаттуулук жана өнүгүп-өсүүнү каалайм», - деди вице-премьер-министр. 

Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси  Кайрат Нурпейисов казак тарап коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча күч-аракетти координациялоого даяр экендигин билдирди.  

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости