www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курсан Асановдун тарапташтары митингге чыгышты

Бүгүн, 28-январда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасын карап жатат.

Адвокат Таалайгүл Токтакунованын айтымында, ИИМдин мурдагы кызматкери дагы бир берене – КР Кылмыш-жаза кодексинин «Бийликтин өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү» беренеси боюнча айыпталууда.

Ага чейин ага массалык башаламандык жана Ички иштер министрлигинин имаратын басып алуу боюнча айып тагылган. Сот имаратынын жанында Курсан Асановду колдоо митинги өтүп жатат.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодон кийин Бишкекте башаламандык болуп, бийликтин алмашуусуна алып келген. Бул иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, парламенттин экс-депутаты Равшан Джээнбеков, президенттик администрациянын экс-башчысы Фарид Ниязов айыпалуучу катары өтүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости