www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СОБРдын кызматкерин айдоочу кылып алганы үчүн ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун үстүнөн дагы бир кылмыш иши Аскер прокуратурасы тарабынан ачылды. Мындай маалыматты аскер прокурору Нуркамал Набиев, Кой-Таштагы окуяны иликтеген мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынында билдирди.

Анда айтылгандарга таянсак, К.Асанов СОБРдын кызматкерин эч буйругу жок эле өзүнө айдоочу кылып алган.

Ошентип Асановдун үстүнөн козголгон кылмыш иштеринин саны төрткө жетти. Буга чейин дагы ал мыйзамсыз баюу жана кызматын кыянаттык менен пайдалануу беренелери менен айыпталып жаткан. Анын баш коргоо чарасын караган Биринчи Май райондук соту, 13-октябрга чейин үй камагында калтырган.

Эске сала кетсек, Курсан Асанов 8-август күнү экс-президент менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жыйынтыгында Атамбаев багынып берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости