www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөн районунун Куршаб айылында 16-октябрдагы мушташта каза болгон мектеп окуучусунун ата-энеси экспертизанын жыйынтыгына макул болбой, ишти кайра кароону талап кылып жатышат. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Ведомствонун айтымында, экспертиза өспүрүм аскадан кулап, алган жаракатынан улам каза болгонун аныктаган. Бирок ата-энеси баланы атайылап түртүп жиберишкен деп эсептешет. Алар күнөөлүүлөрдүн мыйзам чегинде жазаланышын талап кылышууда.
Эске салсак, 16-октябрга караган түнү Киров жана Шагым айылдарынын мектеп окуучуларынын ортосунда мушташ чыккан. Окуя болгон жерден качып бараткан окуучулардын бири тайгаланып, бийик жардан кулап кеткен.
Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Бир топ адамдар тарабынан жасалган бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун РИИБ кошумчалашты. Тергөө иштери уланууда.
Булак: NazarNews.kg