www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы тамак-ашка колдонуучу кармин боегу боюнча оюн билдирди.

Муфтияттын айтымында, бул боюнча 157-аятта айтылат.

«Бардык ханафий аалымдар бир ооздон курт-кумурскаларды колдонуу арам деп белгилешкен. Ошондоктун ар бир мусулман тамак-аш, дары-дармек жана башка азыктарды колдонууда кармин сыяктуу кошулмаларга көңүл буруусу зарыл», — дейт ал.

Диний уюм кармин — кошенил тобундагы ургаачы курт-кумурскалардан өндүрүлгөн кармин кислотасынан алынган кызыл боёк экенин белгилейт.

«Кармин кислотасы сууда эрүүчү кызгылт көк түстөгү зат. Кармин кислотасын өндүрүүдө кислота органикалык эмес алюминий жана кальций туздары менен бир аз сууда эрүүчү чөкмөгө айланып, интенсивдүү түстүү кызыл тузду пайда кылат. Кармин E120 тамак-аш кошулмасы катары катталган. Ошондой эле бул түстү продукцияда “кошенил”, “кармин”, “кармин кислотасы”, “кызыл түс”, “табигий боёк”, C.I. 75470 деп жазышат. Бир килограмм кармин алыш үчүн кеминде 155000 миң кошениль өлтүрүлөт», — дейт муфтият.

Ал кармин кошулмасы күнүмдүк жашообузда тамак-аш, дары-дармек жана ар кандай азык-түлүк заттарда колдонуларын эскертет:

  • Тоңдурулган эттерде жана балыктарда.
  • Жашылча-жемиш жана күч-кубат берген суусундуктарда.
  • Йогурт, балмуздак жана сүт азыктарында.
  • Момпосуйларда, сироп, начинкада жана сагыздарда.
  • Кыям жана алча сыяктуу консерваланган жемиштерде.
  • Консерваланган шорподо.
  • Соустарда жана татымалдарда.
  • Помада, пудра, чач жана денеге колдонулуучу косметикаларда.
  • Дары, мазь, суюк дарыларда жана витаминдерге түс берүүдө, фармацевтикалык препараттарда колдонулат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости