www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкенттин Мирзо-Улугбек районундагы бузулган үч кабаттуу турак-жай комплекси

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун оозеки буйругу менен Ташкенттин Мирзо-Улугбек районунда жеке ишкердин каражатына курулуп жаткан үч кабаттуу үй түрттүрүлдү.

Ташкент мэриясындагы өз булактардын кабарлашынча, өкмөт башчы мындай буйрукту борбордогу жаңы курулуп жаткан үйлөрдөгү бир канча жолку истүү газга уулануу учурларынан кийин берген.

– Мындан тышкары премьер-министр аталган инвестор тарабынан курулган башка үйлөрдү дагы текшерип чыгуу тапшырмасын берди. Бул тапшырманын негизинде өткөн ишембиде Мирзо-Улугбек районунда курулуп жаткан үч кабаттуу үй соттун уруксатысыз эле буздурулду», — деди ал.

Аталган үйдү куруп жаткан жеке ишкер Мухаммадбабур Хажаев анда бардык уруксат берүүчү документтер бар экенин жана курулуш иштерине 620 миң доллар коротконун билдирди. Анын айтымында, бийлик үйдүн бузулушун ал курган үйлөрдүн биринин тургундарынын истүү газга ууланышы менен түшүндүрүүдө.

"Ал балдардын өлүмүнө биздин куруучулардын эч кандай күнөөсү жок. Менде акты бар. Батир ээсине быйыл 11-июлда өткөрүлүп берилген. Көп өтпөй аны сатып алган адам батирдеги жылуулук түтүктөрүн өз алдынча алмаштырган», — деди Хажаев.

Булак: "centralasian"

Последние новости