www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдө курулуш тармагына тиешелүү жаңы талаптар күчүнө кирди.
Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы тартип шаардык чөйрөнүн сапатын жакшыртууга, калктуу конуштарды комплекстүү өнүктүрүүгө жана жарандар үчүн коопсуз, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Эми көп кабаттуу турак жайлар, коомдук, административдик, коммерциялык жана өндүрүштүк объекттерди курууда компаниялар жанаша аймактарды көрктөндүрүү иштерин милдеттүү түрдө долбоорго киргизиши керек.
Көрктөндүрүү иштери төмөнкүлөрдү камтыйт:
* кирүү жолдору жана ички өтмөктөр
* жөө адамдар үчүн тротуарлар жана өтмөктөр
* унаа токтотуучу жайлар
* тышкы жарыктандыруу системалары
* жаан-чачын сууларын агызуу тармактары
* жашылдандыруу иштери
* жолдорду калыбына келтирүү
* объекттин иштешине зарыл башка инфраструктуралык элементтер
Мындан тышкары, зарыл болгон учурда иштер курулуш участогунун чегинен тышкары, жанаша аймактарда да аткарылышы мүмкүн.
Долбоорлорду кароодо Шаар куруу жана архитектура департаменти талаптардын аткарылышын текшерет. Ал эми курулуш процессинде Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти сапат жана мөөнөт боюнча көзөмөл жүргүзөт.
Жаңы талаптар курулуш долбоорлорунун сапатын жогорулатууга, шаардык инфраструктураны жакшыртууга жана жарандар үчүн ыңгайлуу жашоо чөйрөсүн түзүүгө багытталган.