www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Курулуш караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов жана министрликтин адистери Үрүмчү шаарына болгон иш сапарынын алкагында Синьцзян Курулуш илим изилдөө институту менен Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуу Синьцзян Курулуш илим изилдөө институтунун төрайымы Чень Ниндин жетекчилиги алдына өттү. Анда тараптар курулуш тармагындагы тажрыйба алмашуу, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана кытайлык өнөктөштөрдүн Кыргызстандагы инфраструктуралык долбоорлорго катышуусу боюнча келечектүү багыттарды талкуулашты.
Бул меморандум Кыргызстан менен Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун ортосундагы курулуш жана шаар куруу тармагындагы кызматташтыкты чыңдоодогу маанилүү кадам болуп саналат.
Документ курулуш тармагындагы өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө, тажрыйба алмашууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.
Белгилей кетсек, аталган иш-чара Нурдан Орунтаевнин Кытайга болгон буга чейинки иш сапарынын алкагындагы макулдашууларды ишке ашыруу максатында уюштурулду.
Жолугушуудан кийин делегация Синьцзяндагы биринчи нөлдүк энергия керектөөчү демонстрациялык имаратка жана курулуш илимий-өндүрүштүк лабораториялык комплексине барды.