www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 3-февралдагы жыйынында курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу өзүнүн маянасынын өлчөмүн айтты. Ал маянасынын 64 миң сом экенин билдирди.
Ал эми министрликтин адистери айына 45 миң сом алат. Маалымат министрликтин жумуштарына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө бааларды түзүү саясаты, ошондой эле курулуш тармагындагы баалардын өсүшү тууралуу угуу учурунда айтылды.
Буга чейин курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу министрликтеги эмгек акылар тууралуу билдирген.
Курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакун уулунун маянасы канча?
Орунтаевдин айтымында, министрликтин департаменттери өзүн-өзү каржылоо механизминин негизинде иштешет. Ошол эле учурда орточо айлык акы 150 миң сомду түзөт, ал эми айрым департаменттерде ал 500 миң сомго чейин жетет.
Булак: «barakelde.org»