www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дональд Трамп Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен сүйлөшкөнүн жана ал Орусиянын мунайын сатып алуудан баш тартканын жазды. Натыйжада мындан ары АКШдан же Венесуэладан көбүрөөк сатып алышы мүмкүн. Белгилей кетсек, Индия Батыш санкция киргизген орус газын жана мунайын ири көлөмдө төмөн баа менен сатып алып жаткан негизги кардар болчу.

Трамп Модини "менин эң жакын досторумдун бири жана өз өлкөсүнүн таасирдүү жана сыймыктуу лидери" деп атап, "биздин Индия менен алакабыз келечекте дагы бекем болот" деп билдирди.

Арийне, буга дейре Орус президенти Владимир Путин акыркы убактарда Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен бир нече жолу жолугушуп, орусиялык мунайды сатуу жана анын акысын төлөө шарттарын талкуулаган эле.

Последние новости