www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кувейттин эмири Наваф аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабах 86 жашында каза болду, бул тууралуу мамлекеттик телеканал билдирди. Эмир титулун 83 жаштагы шейх Машал аль-Ахмад аль-Жабер ас-Сабах мурастоого тийиш.
2023-жылдын ноябрь айынын аягында эмир дарыланып, медициналык кароодон өтүү үчүн ооруканага жеткирилген. Анын ооруканага жатышынын себептери айтылган эмес. 2021-жылы Кувейттин мамлекеттик маалымат каражаттары эмир АКШга белгисиз себептер менен медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн барганын кабарлашкан. Наваф аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабах 1937-жылы 25-июнда Кувейттин борбору ЭльКувейт шаарында туулган. Ал Кувейттин онунчу эмири Ахмед аль-Жабер ас-Сабахтын алтынчы уулу болгон. 1962-жылдан 1978-жылга чейин Хавалли провинциясынын губернатору болгон. Андан кийин он жыл бою Кувейттин ички иштер министри болуп эмгектенген. 1988-1991-жылдары Кувейттин коргоо министри болгон.
1991-1992-жылдары социалдык иштер жана иш менен камсыз кылуу министри болуп иштеген. 1994-жылдын октябрынан 2003-жылга чейин Кувейттин Улуттук гвардиясынын командачысынын орун басары болгон. 2003-жылы кайрадан Ички иштер министрлигине жетекчи болуп, 2006-жылы бул кызматтан кеткен. Наваф альАхмед аль-Жабер ас-Сабах 2020-жылдын сентябрында эмир болуп дайындалган.
Булак: NazarNews.kg