www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин, «АЗИЯnews» гезити, «Күзгө карай күтүүсүз пландар түзүлөрү күмөн деле эмес. Саясый күчтөрдүн тарапкерлери, насаатчылары биригүүнү болжошууда. Ошого катар баштары бирикпегендей бийликтин каршылаштары сүйлөшүүлөргө батынышабы? Айрым аңыздар боюнча, келечекке карай Өмүрбек Бабанов президент, Сапар Исаков премьер-министр, Адахан Мадумаров спикер деген божомолдун иш жүзүнө ашары канчалык деңгээлде негиздүү?
Бул жагынан тар чөйрөдө талкуулар жанданып, бирок ич ара сүйлөшүүлөр орундалбай жатабы? Эмнеси болсо да, оппозиция айдыңына ыктагандар бир-эки ай аралыгында биригүүгө барышары каңкууланды. Амбицияларын жыйыштырып, «мен кыйын» деген текеберликтен бийик тура алышабы? Мезгил көрсөтсүн!», - деп жазып чыккан.
Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Сапар Исаков ушул тапта Маскөөдө жөн жатпай, Кремлди чарк айланып, терең дем алып, айланасындагы «Coffeeбарлардан» башы чыкпай калган. «Кемпир-Абад» туура эмес чечилип калса эле Кыргызстанда башаламандык болуп, Исаков Кыргызстанга келип, өзүн президенттик тактыдан көргүсү келет. Анткени, балапан саясатчынын учурда дымагы күч болуп турган чагы», - дейт өздүк булак.
Эске сала кетсек, Сапар Исаков 2020-жылы, 6-октябрга караган түнү болгон башаламандык учурунда Молдовановка айылындагы №27 абактан чыгып, ошол бойдон кайтып барган эмес. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) ага эл аралык издөө жарыяланганын кабарлаган.
Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-июнда Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча Сапар Исаковду 18 жылга эркинен ажыраткан. Сот аны «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп тапкан жана мамлекетке келтирилген 247 650 281 сомду төлөп берүүгө милдеттендирген.
Соттун чечими менен президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, ага 260 миң сом айыппул салынган.
Булак: NazarNews.kg