www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ спикери Пелосинин Тайванга болгон иш сапарынан улам Кытай жинденип турган учуру. Алар Тайванга жакын жерде согуштук даярдыктарды көрүп, муну үзгүлтүксүз жүргүзөбүз деп турушат. Америка Кошмо Штаттары Тайвандын көз карандысыздыкка карай кадамын колдобойт, деп чоочуп кетти АКШнын коргоо министринин саясий маселелер боюнча орун басары Колин Каль Пентагондогу пресс-конференцияда: «Биз Тайвандын көз карандысыздыкка карай кыймылын колдобойбуз. Биздин саясат өзгөргөн жок - бул статус-квону колдоо. Бирок Кытайдын саясаты өзгөрдү, алар жөн гана жаңы статус-квого жол ачууга аракет кылып жатышат. Кеп Тайван кысыгындагы активдүүлүк жөнүндө болуп жатат. Муну менен Бээжин жаңы нормалдуу абалды түзүүгө умтулууда», - деди ал.
АКШ ошондой эле Тайвандын тегерегиндеги кырдаалдын курчушу эки тараптын тең, ошондой эле бүткүл дүйнөлүк экономиканын кызыкчылыгына туура келбейт, анткени арал жарым өткөргүчтөрдүн «70%дан 90%ке чейин камсыздалып жатканын белгиледи.
Кытай армиясы эми Тайвань кысыгынын орто сызыгынын чыгыш тарабында үзгүлтүксүз машыгууларды өткөрөт. Бул тууралуу Кытайдын мамлекеттик ММКлар билдире баштады. Тайвань аралы менен материктик Кытайдын ортосундагы кысыктагы медианалык сызык расмий эмес башкаруу линиясы болуп саналат, аны эки тараптын тең аскердик учактары жана кемелери адатта кесип өтпөйт.
Маалыматка караганда, медианалык сызык эч качан мыйзамдуу түрдө таанылган эмес жана өткөн кылымда АКШнын аскерлери өз максаттары үчүн тарткан "фантомдук" сызык. АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Бээжиндин эскертүүсүнө карабай Тайванга келген. Мына ушунун фонунда Кытайдын Элдик-боштондукка чыгаруучу армиясы аралга жакын жердеги алты райондо ири масштабдагы аскер-деңиз машыгууларын баштаган.
Тайвань 1949-жылы жарандык согуш маалында Кытайдан бөлүнгөнүн жарыялаган. Пекин аралдын көз карандысыздыгын тааныбайт жана аны өзүнүн провинциясы деп эсептейт. Кытайдын Коргоо министрлигинин өкүлү У Цянь АКШны кризисти жаратып, фактыларды бурмалап жатат деп айыптады. Анын айтымында, Вашингтон өзү кризисти жаратып, андан кийин өзүнүн жаңылыш билдирүүлөрү жана аракеттери үчүн шылтоо издеп, жоопкерчиликти башкаларга жүктөйт.
"Кошмо Штаттар толугу менен провокация кылды жана Тайван кысыгындагы азыркы курч кырдаалды жалгыз өзү жаратты", - деп билдирди Кытайдын расмий өкүлү. Мындан улам оор кесепеттер үчүн толук жоопкерчилик америкалык тарапка тартылышы керек экенин баса белгиледи.
Кытайдын тышкы иштер министри жана мамлекеттик кеңешчиси Ван Инин айтымында, Кошмо Штаттар «өзүнүн стратегиялык пландарын ишке ашыруу үчүн аларды кийинчерээк колдонуу» үчүн "көйгөйлөрдү жаратуу адаты бар". Ван И ошондой эле, АКШны Пелосинин Тайванга күтүүсүз сапарын пландаштырууда өлкөлөр менен ойногон "эски амалы" үчүн айыптады.
Өз кезегинде, Кытайдын АКШдагы элчиси Цинь Ган Вашингтонду Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга болгон иш сапарынын кесепеттерин оңдоого үндөгөн. Кытай элчилиги америкалык тарап Кытай менен АКШнын ортосундагы мамиледегидей эле Тайван кысыгында чыңалуунун мындан ары күчөшүнө алып келе турган аракеттерден алыс болушу керектигин белгиледи.
Буга чейин Пекин Пелосиге жана анын жакындарына каршы санкцияларды жарыялаган. Анын Кытайдагы Тайванга сапары "жийиркеничтүү жана чагымчыл" деп мүнөздөлгөн. Кытай бийлиги америкалык саясатчы "Кытайдын ички саясатына катуу кийлигишкен" жана анын "мамлекеттик суверенитетине олуттуу зыян келтирген" деп эсептейт.
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга барды. Ал келүүгө кам көрүп жатканда эле Кытай бийлиги Пелосинин аралга сапары "бирдиктүү Кытай" принцибине каршы келерин жана кырдаалды курчутарын эскерткен. Ал тургай ал учуп келе жаткан учакты Кытай истрибителдери тосуп алышы мүмкүн деген божомолдор айтылган. Бирок Кытай тараптан андай аракеттер болгон жок.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg