www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров “КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 30-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты КР Кылмыш-жаза кодексинин жана “Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө” КР 2024-жылдын 6-мартындагы № 69 мыйзамынын ченемдерин шайкеш келтирүү, ошондой эле “Жаштар арасында баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө” КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 31-январындагы № 1842-VII токтомун ишке ашыруу болуп саналат.

Ошентип, мыйзам менен КЖКны төмөнкү ченемдер менен толуктоо каралган:

баланы күчтүү таасир этүүчү заттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун колдонууга тартуу үчүн жоопкерчиликти бекитүү (181-берене);

телекоммуникациялык тармактарды, анын ичинде Интернет тармагын пайдалануу аркылуу баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана күчтүү таасир этүүчү заттарды колдонууга көндүрүү үчүн жоопкерчиликти күчөтүү (287-берененин 2-бөлүгү).

Последние новости