www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өзүнүн Telegram-каналында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга Мариуполь шаарындагы "Азовсталь" заводунун аймагында жайгашкан украин аскерлерине жардам бербөөгө чакырды.
Ал кеңешчинин Эрдогандын эвакуация планы тууралуу айткан сөздөрүн сынга алып, бирок мусулман мамлекетинин лидерин сыйлай турганын белгиледи.
Кадыров Азов полкун «Донбасстын тургундарын өлтүрүүгө күнөөлүү фашисттик-нацисттик кылмыштуу куралдуу түзүм» деп атады.
«Мен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга кайрылам: Азовдуктар канкорлор жана атеисттер, алар азыр силерге орус агрессиясынын бейкүнөө курмандыктары катары көрсөткүсү келет. Сиздин жардамыңыз менен соттолуп, татыктуу жазасын алгысы келген кылмышкерлерге алданбаңыз», - деп жазган ал.
Кадыровдун айтымында, аскерлер заводдун аймагында карапайым калкты кармап, аларды «адам калканы» катары колдонушат.
Анын пикиринде, Түркиянын Украинага Байрактар учкучсуз учуучу аппараттарын бергенине орус мусулмандары нааразы болгон. Кадыров белгилегендей, мусулмандар Анкара «Исламга жалындуу каршылаштарды жана жек көрүүчүлөрдү эвакуациялоого» даяр деген маалыматка ого бетер сезимталдык менен мамиле кылышкан.
Белгилей кетсек, буга чейин Түркия «Азовсталь» заводунан жарадар болгон украин аскерлерин эвакуациялоо үчүн кеме жөнөтүүнү сунуштаган. Түркия президентинин кеңешчиси Ибрагим Калындын айтымында, план боюнча жарадар болгон аскерлер Бердянскка жеткирилип, ал жерден түрк кемеси менен Стамбулга жеткирилет.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg