www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нур-Султан шаарында Борбор Азияда сооданы жеңилдетүү боюнча "Улуттук жол карталарынан аймактык реформаларга" аттуу аймактык семинар-кеңешменин алкагында КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов менен  Казакстан Республикасынын соода жана интеграция министри Асел Жанасова, Өзбекстан Республикасынын инвестиция жана тышкы соода министринин орун басары Бадреддин Абидов, Тажикстан Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары Абдурахмон Абдрахмонзода, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия Эл аралык соода департаментинин башчысы Елена Бутримова ортосунда эки тараптуу жолугушуулар болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара кызматташуунун келечеги, өз ара сооданы жогорулатуу, чек аралардагы сооданы жана башка административдик формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу, андан ары аймактык жана эл аралык сооданы тереңдетүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун негизги темаларынын бири казак тараптын региондун өлкөлөрүн "AMAZON", "e-Bay", "Ali-BABA", "Ali-Express" глобалдык электрондук соода платформаларына жеткирүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди бириктирүү зарылчылыгы тууралуу сунушу болду. Ошондой эле "Борбордук Азия AMAZON" бирдиктүү аймактык долбоорун түзүү. Буга байланыштуу тараптар Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн бирдиктүү электрондук соода платформасын түзүү концепциясын кароого даяр экендиктерин билдиришти.

Ошондой эле жолугушууда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн продукциясын Европа Биримдигинин рыногуна биргелешип чыгаруу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министринин орун басарына, Эл аралык соода борборунун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн башчысына жана ЕБнин Казакстан Республикасындагы элчисине эстелик белектер тапшырылды.

Мындан тышкары, регионалдык семинардын – Борбордук Азиядагы сооданы жеңилдетүү боюнча кеңешменин алкагында министрдин орун басары И.Асылкулов казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн брифингге катышып, аймактагы соодага тоскоолдуктарды жоюудагы жалпы көйгөйлөрдү белгиледи: Эки тараптуу жана аймактык координациялоону талап кылган сооданы жеңилдетүү тармагындагы реформалардын негизги багыттарын иштеп чыгуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости