www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңеши Жамааттык коопсуздук келишиминин 30 жылдыгы жана уюмдун 20 жылдыгына карата биргелешкен билдирүү кабыл алды. Анын тексти Кремлдин сайтына жарыяланды.

Кечээ, 16-майда, Москва ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйыны өттү.

Билдирүүдө 2002-жылы ЖККУнун негизделиши мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарып союздаш мамилеге жеткиргени, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү жөндөмүн кеңейтип, Евразия чөлкөмүндө тынчтыкты жана туруктуулукту сактоонун маанилүү факторуна айланганы белгиленген.

Билдирүүнүн негизги учурлары:

1. 2022-жылдын январь айында ЖККУнун Казакстандагы тынчтыкты орнотуучу операциясы жамааттык күчтөр мүчө-мамлекеттердин коопсуздугун камсыздоо боюнча эффективдүү тапшырмаларды чечүүгө даяр экенин тастыктады. Ошондой эле эл аралык коомчулукка ыкчам аракетке келүү жана миссиясын аяктоо боюнча уюмдун жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алды;

2. Афганистандагы жана башка мамлекеттердеги кырдаалга байланыштуу ЖККУнун аймагындагы коопсуздукту камсыздоого даяр экенин билдирди;

3. Кризистик кырдаалдарга жалпы таанылган эл аралык укуктук нормалар менен принциптерди аттап өтүп күч колдонуу менен кийлигишүү тенденциясына камтамалыгын билдиришти. Ошондой эле БУУнун уставын бузган жаңжалдарды чечүү үчүн күч колдонулушун же күч колдонуу коркунучу пайдаланылышын сынга алышты;

4. Жалпы таанылган нормалар менен эл аралык укуктук принциптердин тандалма колдонулушу, эл аралык деңгээлде таанылган сүйлөшүүлөр форматтарын көзгө илбей коюу, эгемендүү мамлекеттердин мыйзамдуу кызыкчылыктары менен эсептешпей коюу, алардын ички иштерине кийлигишүү, бир тараптуу санкцияларды киргизип БУУнун Коопсуздук кеңешинин укуктарын бузуу, кош стандарттуулук, жек көрсөтүүгө өкүнүүсүн билдиришти;

5. Континенттеги чыңалууну басаңдатуу маанилүү экенин белгилеп, Түндүк Атлантика келишим уюму менен өз ара иштерди жайгарууга даярдыгын ырастады;

6. Тарыхый окуяларды жасалмалоонун бардык аракеттерин чечкиндүү түрдө сынга алышты. Нацизмди баатырга айлантууга жана неонацизмди жайылтууга биргеликте каршы күрөшүүнү улантат. Нацизмди жок кылган жеңишти чагылдырган белгилерди мыйзамдуу деңгээлде тыюу салуу аракеттерине олуттуу түрдө камтамалыгын айтышты;

7. ЖККУ мүчө-мамлекеттердин коопсуздугун, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн дыкат камсыздайт, глобалдык жана регионалдык коопсуздук чыңдоонун үстүндө иштейт. Эл аралык көйгөйлөрдү жалпы таанылган нормаларды жана эл аралык укуктардын принциптеринин негизинде жөнгө салат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости