www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия чет өлкөгө акча которгусу келген жарандарга жаңы чектөө киргизди. Бул тууралуу Орусиянын Борбордук банкы билдирди.

Маалыматка ылайык, Орусиянын жана ал жакта жүргөн дос мамлекеттердин жарандары орусиялык банкта ачылган эсебинен чет өлкөгө 50 миң долларга чейин акча жөнөтө алат.

Акчаны башка валютада дагы которсо болот, бирок анын өлчөмү доллар менен эсептегенде 50 миң доллардан ашпашы керек. Буга чейин Орусияда чет өлкөгө 10 миң долларга чейин гана акча которууга уруксат берилген болчу.

Бирок Орусиянын банкында эсеп ачпастан, акча которуу менен алектенген компаниялар аркылуу акча которгусу келген жарандар чет өлкөгө 1 айда 5 миң доллар гана жөнөтө алат.

Андан тышкары дос мамлекеттердин жарандары эмгек же жарандык-укуктук келишим менен иштеп жатса, орусиялык банктан эсеп ачып, 50 миң доллардан тышкары эмгек акысына тете акчаны да которо алышат.

Эмгек же жарандык-укуктук келишим менен иштеп жаткан мигранттар эмгек акысына тете акчаны орусиялык банктан эсеп ачпай эле которсо да болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости