www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандагы башаламандык учурунда тынчтыкты орнотуучу күч катары барган кыргызстандык аскерлер ЖККУнун сыйлыгы менен сыйланды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мындай чечим уюмга мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын Москвадагы саммитинде кабыл алынып, документке кол коюлган.
“Чечимге ылайык, үстүбүздөгү жылдын башында ЖККУнун Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн курамында абалды турукташтыруу үчүн Казакстанга чектелген мөөнөткө жөнөтүлгөн Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн бир катар офицерлери жана аскер кызматкерлери сыйлыктар менен сыйланышты”, — деп жазылат маалыматта.
ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн негизги милдеттери болуп маанилүү мамлекеттик жана аскердик объектилерди кайтаруу, Казакстандын укук коргоо органдарына кырдаалды турукташтырууда жана аны укуктук талаага кайтуусуна көмөк көрсөтүү болгон.
Эске салсак, Казакстандагы январь окуясында 230 адам набыт болуп, 53 кишинин өлүмүнүн жагдайы такталууда. Коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУдан жардам сурагандыктан тынчтыкты орнотуучу күчтөр жиберилген. Миссияга Армения, Беларусь, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын аскерлери катышкан. Жалпысынан 4000 жоокер барган. Кыргызстандан 150 аскер, 8 сооттолгон техника, 11 аскердик автоунаа жөнөтүлгөн. Алар стратегиялык объектилерди кайтарып турган.
Булак: NazarNews.kg